“БИЙЛИКТИН ЭЛГЕ ЖАКЫНДЫГЫНЫН СЫРЫ – ЭЛДИК КУРУЛТАЙДЫН ЖЕМИШИ”

19-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 51

Келээрки аптанын соңунда өлкөбүздө IV Элдик Курултай жүз бергени турат. Ушу тапта өлкө аймагы боюнча бөлүнгөн квоталарга ылайык делегаттар шайланып, бул жаатта календардык иш графикке ылайык бардык айыл аймактарда өкүлчүлүктүү жыйындар толугу менен өткөрүлүп, кеңештин токтомдору кабыл алынганы маалым болду. Делегаттарды шайлоо, жалпысынан камылга жакшы болгону менен Курултайда кандай маселелер көтөрүлүшү керек? Буга чейинки (жол куруу, мектеп, бала бакча салуу ж.б.) көтөрүлгөн көйгөйлөр кайрадан кайталанма иретинде айтылып калбайбы? Дегеле Элдик Курултайдын өзөгү эмнеде? Уңгусу, маани-маңызычы? Биз, бул сапар дал ушул соболдорго жооп издедик. 

Элдик Курултайдын Улуттук Кеңешинин 2 жолку мүчөсү Мария Төлөгөнова: “Делегаттар уңгулуу маселелерди көтөрүшсө…”

– Элдик Курултай — коомдун өнүгүү багыттары, коомду жана мамлекетти социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча маанилүү маселелерди чечүү, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, жарандык коомду өнүктүрүү, руханий-идеологиялык маселелер боюнча сунуштамаларды бере турган кеңешүүчү, байкоочу коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын. Элдик Курултай КРнын социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүнүн негизги багыттары боюнча мамлекеттик органдардын маалыматтарын угат жана алар боюнча өз сунуштамаларын кабыл алат. Элдик Курултай мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашырат. КРнын Президентинин кайрылуусун, Жогорку Кеңештин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, алардын иши жөнүндө баяндамаларын угат. Өлкө Президентинин, парламент Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин сунушу боюнча мамлекеттик жана коомдук маанидеги башка маанилүү маселелерди талкуулайт жана алар боюнча өз сунуштарын берет. Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешине өз өкүлүн шайлайт. Өлкө Башчысына Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизет. Андыктан, Элдик Курултайга делегат болуп келгендер дал ушул маселелердин айланасында демилгелүү иштерди жүргүзүшсө дээр элем.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ибрагим Жунусов: “Элдик жыйында салт-санаабыз, уңгубуз тууралуу ой калчашса дээр элем”

– Бизге Элдик Курултай сөзсүз түрдө керек. Курултай бул – элдин үнү, анда депутаттар көтөрбөгөн маселелерди, алар билбеген көйгөйлөрдү карапайым эл абдан сонун билет. Андай көйгөйлөрдү карапайым элдин арасынан келген Курултайдын делегаттары улуу жыйынга “көтөрүнө келип”, маселелер ачык айтылат. Керек болсо жыйынтыгы да жүр-нарыга салынбастан чечилет. Алыскы аймактардагы айыл өкмөттөрү чече албаган түйүндүү иштерди Курултайдын делегаттары ортого салып, чечилет. Элдик Курултай институту маселелерди чече алган элдик орган болуп калды. Биз бул жагын танбашыбыз керек. Буга чейин да Курултайда айтылган маселелердин көпчүлүгү чечилип жатканынан баарыбыз эле кабардар болсок керек. Маселен, учурда мектеп, бала бакча, суу, жол көйгөйлөрү көтөрүлүп келсе, алдыда күтүлүп жаткан Курултайда энергетика маселеси жалпы улуттук масштабдагы программа катары көтөрүлүшү мүмкүн. Буга удаа жергиликтүү атка минерлердин начар иштери да эл тарабынан айтылып, жыйынтыгы менен аларга карата чара көрүлөт болуш керек. Ошондуктан, Элдик Курултайдын болуп турганы жакшы нерсе деп ойлойм. Азыркы бийликтин элге жакын болушунун дагы бир себеби, дал ушул Элдик Курултай институтунун иши деп билем.

Бишкек шаарынын тургуну Айбек Калыков: “Той аштардагы ашыкча чыгашалар күчөп баратат”

– Жеке мен мисалы, мектеп, жол сыяктуу маселелерди алдыдагы аз жыл ичинде мамлекеттик бийлик толук чечип берээрине ишенем. Демек, бул сапар делегаттардын Элдик Курултайга коё турган маселелери башкача болот деп күтүүдөмүн. Маселен, бул улуу жыйында соңку жылдарда кемий баштаган улуттук нарк, салтыбыз, тилибиз өңдүү маселелер чечилиши зарыл. Бул бир топ оор маселе. Бирок, келе турган делегаттардын арасында ушул маселелерге түйшөлгөндөрү бар го деп ойлойм. Кайсыл гана мамлекетти албайлы, бийлик чече турган, анан эл өзү чече турган көйгөйлөр бар. Элдик Курултай эл чече турган маселени так айырмалап, аны элге жана бийликке сунуштай баштаганда өзүнүн туура жолуна түшкөн болот. Кыргызда “Хан бийлигинен нарк күчтүү” деген макал бар. Так ошол нарк-салтка тиешелүү маселелерди эл өзү чечиши керек. Кийинки жылдары “аш көп болсо, каада көп болуп” той аштарда ашыкча чыгаша коротмой күчөп баратат. Бул боюнча Президенттин Жарлыгы деле чыкты. Бирок, токтобой жатат. Мындай маселе Элдик жыйында каралып, Курултай тиешелүү чечим кабыл алышы керек. Ошондо ал туура жолго салынат. Ушул өңдүү олуттуу маселелерди Элдик Курултайга делегаттар сунуштап чыкса дээр элем.

Элдик Курултайдын эки жолку делегаты Замир Алдаяров: “Уңгулуу маселелерибизди көтөрүүгө мезгил келди”

– Улут тарыхы менен тарбияланат. Тарыхын жана тилин билбей өскөн улут өз тагдырындагы, өз доорундагы улут деп эсептелбейт. Ошондуктан, биз буга терең маани беришибиз абзел. Өз тарыхы менен тилин билбей өскөн улут бара-бара түп тамыры менен жок болот. Мектептерде, бала бакчаларда жаштарды мекенчилдикке, тилин так сүйлөп, тарыхын билүүгө тарбиялашыбыз керек. Бул үчүн бийликтегилер, мугалимдер, ата-энелер, коомчулук, өзгөчө журналисттер баарыбыз тынымсыз аракет жүргүзүшүбүз зарыл. Интернеттен балдарыбыз, айрыкча мектепке чейинки тестиерлер чет элдик тилдеги мультфильмдерди көрүп жатып тили аралаш, түшүнүксүз чыга баштады. Муну ойлонушубуз керекпи? Мындан тышкары Кытай элин визасыз Кыргызстанга киргизүүгө чектөө коюш керек. Алардын турак жай сатып алуусуна, гранттык карыз алуусуна да чектөө киргизбесек болбойт. Миллиарддаган Кытай кокус каптап кетсе, өз жерибизде чоочун болуп калабыз. Олуя Калыгул Бай уулу: “Сары каапыр кетээр (орус эли), кара каапыр келээр (кытай эли). Ошондо кайран гана сары каапырым дээрсиң кыргызым…” — деп айткан. Анын сыңары буларды тизмектегеним, Курултайдын делегаттары дал ушундай келечекке багытталган уңгулуу маселелерди көтөрүшсө, элдик жыйында идеология, салт-санаабыз, уңгубуз тууралуу ой калчашса дээр элем.

Калыгул Бейшекеев

19-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 51
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X