А. Исатбек кызы «Ак-Жол» реабилитациялык борборуна барды
Иш сапардын алкагында борбордогу балдар үчүн түзүлгөн шарттар, алардын жашоо-турмушу, билим алуусу жана социалдык колдоо көрсөтүү багытындагы иштер тууралуу маалымат берилди.
Белгилей кетсек, «Ак-Жол» борбору 2007-жылы түзүлгөн. Мекеме ата-энесинин камкордугунан ажыраган жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды тарбиялоо, социалдык жактан колдоо, билим алуусуна жана коомго аралашуусуна көмөк көрсөтүү багытында иш алып барат.
Учурда борбордо 30 бала тарбияланып, Жалал-Абад шаарындагы Ж. Болотов атындагы №21 орто мектепте билим алышат. Ошондой эле англис тили курстарына катышып, спорттук ийримдерге тартылышат.
Мекемеде 20 кызматкер эмгектенип, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, укуктарын коргоо, татыктуу жашоо шарттарын түзүү жана ар тараптуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү боюнча иш алып барышат.
Иш сапардын жүрүшүндө балдардын кызыкчылыктарын коргоо, укуктарынын сакталышы жана жашоо шарттарын мындан ары жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
«Ак-Жол» борборунун башкы максаты — ар бир баланын келечегине кам көрүү, алардын өз алдынча жашоого даяр болушуна, коомдон өз ордун табуусуна жана толук кандуу коомдук турмушка аралашуусуна шарт түзүү.