"Эркин-Тоо"

А.Жапаров: «Кумтөр Голд» ишканасынын экологиялык зыян келтиргени талашсыз

«Кумтөр» алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссиясынын ишинин биринчи этабы жыйынтыкталды деп билдирди комиссиянын төрагасы, ЖК депутаты Акылбек Жапаров. Бул тууралуу ал бүгүн басма сөз жыйынында маалымдады.

Жапаровдун айтымында, 300гө жакын барактан турган отчет түзүлүп, анда «Кыргыз Голд» компаниясы Кыргызстандагы ишкана,салыкты убагында төлөп, мыйзамдарды сактоого милдеттүү деп жазылган.

Ошондой эле, сууга, айлана чөйгөргө канчалык деңгээлде зыян келтирилгени аныкталып, далил топтолмокчу. Отчетко Эсеп палатасынын изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары да камтылып, Акылбек Жапаровдун айтымында, анда талаш-тартышсыз далилдер топтолгон. 17-майда салык боюнча акты түзүлүп, «Кумтөр Голд» ишканасына берилди. Жапаровдун айтымында экологиялык зыян келтирилгени талашсыз, ал далилденет.

Алтын кенинде мындан тышкары техникалык коопсуздук көзөмөлгө алынбай, анын кесепетинен 60 киши майып болуп, 19 киши каза болгон.

«Кумтөр»кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иши дагы 3 айга созулат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!