Кумтөрдөн алтын казган Centerra Gold Inc. компаниясынын кирешеси Кыргызстан эгемен тарыхында чет жактан алган карыздын суммасы менен барабар. Бул тууралуу Кумтөр кенинин ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Акылбек Жапаповдун айтымында, Кыргызстан 1992-жылдан 2020-жылга чейин чет жактан 11 миллиард 420 миллион доллар өлчөмүндө кредит жана грант алган. Ошол эле мезгилде Кумтөрдөн түшкөн кирешенин көлөмү 11 миллиард 338 миллион долларды түзгөн. Бул каражатты Centerra сыртка чыгарып кеткен.