А. Жапаров «Ronesans Healthcare Investment Co. Inc.» компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Ronesans Healthcare Investment Co. Inc.» компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуп, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Акылбек Жапаров белгилегендей, бүгүнкү күндө МЖӨ механизми актуалдуу бойдон калууда жана республикада анын өнүгүшүнө дем берүү максатында тиешелүү мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган, МЖӨ алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча текшерүүлөрдү чектөө боюнча мыйзам долбоору иштелип чыккан жана долбоорлордун портфели жогорулатылды.
«МЖӨ долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырууга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлөөрүн белгилегим келет. Бүгүнкү күндө биздин артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири – ак ниет бизнестин жана чет элдик инвесторлордун демилгелерин жана долбоорлорун колдоо», — деди ал.
Тараптар МЖӨ алкагында ишке ашырууга мүмкүн болгон долбоорлордун бири катары көп тармактуу оорукананын курулушу маселесин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.