Аба ырайы кескин өзгөрөт
1-3-март күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолуу райондордо, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. 2-мартта көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору маалымдады.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14,
Таласта түнкүсүндө -2…+3, күндүз 7…12,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9,
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -19…-24, күндүз -1…-6°.
Бишкек шаарында жамгыр жаайт. Түнкүсүн 0…2, күндүз 11…13 градус жылуу болот.