Абай КАЛЫКОВ, Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл аймагынын башчысы: «АР БИР ЖУМШАЛГАН КАРАЖАТ – ЭЛДИН ТУРМУШУН ЖАКШЫРТУУГА БАГЫТТАЛДЫ»

13-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 70

Акыркы жылдары Барскоон айыл аймагында социалдык, инфраструктуралык жана маданий багыттарда бир катар ири иштер аткарылып келет. Айылдардын ички көйгөйлөрүн чечүү, калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, жолдорду, мектептерди, бала бакчаларды оңдоо – мунун баары жергиликтүү бийликтин күн тартибинде турган негизги маселелер. 2025-жылы Барскоон, Тамга жана Тосор айылдарында аткарылган иштер тууралуу Барскоон айыл аймагынын башчысы Абай Калыков менен кеңири маек курдук.

— Абай Советалиевич, 2025-жылы Барскоон айылында кайсы негизги иштер аткарылды?

— 2025-жыл Барскоон айылы үчүн жемиштүү жылдардын бири болду десем жаңылышпайм. Биринчи кезекте элдин коопсуздугуна жана инфраструктурага көңүл бурулду. Маселен, «Туюк суунун» башына кароолчуга үй курулуп берилди. Анын жалпы сметалык баасы 2 млн 852 миң 259 сомду түзүп, толугу менен жергиликтүү бюджеттен каржыланды.

Айыл ичиндеги Ленин көчөсүнө түнкү жарыктандыруу иштери толук аяктап, бул багытта 3 млн 69 миң 451 сом каражат сарпталды. Ошондой эле Барскоон маданият үйү толук капиталдык ремонттон өткөрүлүп, дем берүүчү гранттан 1 млн 696 миң 693 сом, жергиликтүү бюджеттен 6 млн 88 миң 780 сом жумшалды.— Билим берүү жана социалдык объектилер боюнча кандай иштер жүрдү?

— Бул багытта да иштер арбын болду. «Барскоон» бала бакчасынын санитардык түйүнү капиталдык ремонттон өтүп, жалпы 1 млн 500 миң сом сарпталды. Э.Кендирбаев атындагы мектептин азык-түлүк сактоочу кампасы толук оңдолуп, 91 миң 672 сом каражат жумшалды.

Мектептерге жана бала бакчаларга видео көзөмөл системалары орнотулду. Атап айтканда, Э.Кендирбаев атындагы мектепке 145 миң сомго, ал эми бала бакчаларга жана К.Чылабаев атындагы мектепке 369 миң сомго видео көзөмөл коюлду. Мындан тышкары, билим берүү мекемелерине генераторлор сатып алынып, спорт инвентарлары, гигиеналык каражаттар алынды.

— Жол жана инженердик инфраструктура боюнча кандай иштер аткарылды?

— Айыл ичиндеги жолдорду оңдоп-түзөөгө күйүүчү май үчүн 1 млн 300 миң сом сарпталды. Көпүрөлөр орнотулуп, жалпы 27 даана көпүрөгө 386 миң 100 сом бөлүндү. Ошондой эле Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун айылга кире бериш бөлүгү асфальтталып, 3 250 м аралыкта иштер жүргүзүлдү. Бул долбоорго республикалык бюджеттен 24 млн сом каражат бөлүндү.

— Тамга айылындагы жасалган иштер боюнча да айтып өтсөңүз?

— Тамга айылында эң негизги иштердин бири — таза суу маселеси болду. Айылга 3 500 м таза суу тартылып, бул багытта «Семайыл» фондунан 1 млн 400 миң сом, «FSDS» фондунан 1 млн 200 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 586 миң 279 сом сарпталды.

Мындан тышкары, Ысык-Көл көчөсүнө түнкү жарыктандыруу орнотулуп, Тамга мектебинин актовый залы капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Бул объектке эмеректер жана музыкалык аппаратура кошо алынып, жалпы 2 млн 697 миң 297 сом жумшалды.

Алымкулов жана Парковая көчөлөрүнө асфальт төшөлүп, республикалык бюджеттен 13 млн сом бөлүндү. Ошондой эле спорттук иш-чараларга, маданият үйүн жабдуу, медицина мекемелерин оңдоо иштерине каражаттар каралды.— Тосор айылында да кеңири иштер жүргүзүлгөн экен…

— Ооба, Тосор айылында да социалдык жана туризм багытындагы иштерге өзгөчө көңүл бурулду. Мектепке эмеректер сатып алынып, көл жээгине таштанды челектери жана чатырлар орнотулду. Малчылар үчүн жеңил типтеги үйлөр салынды.

Спортко байланышкан иш-чаралар көп өткөрүлүп, күрөш, улак, пляждык футбол боюнча турнирлер уюштурулду. Ошондой эле бала бакчалар оңдолуп, генераторлор алынды, айыл ичиндеги жолдорду оңдоого күйүүчү майга каражат бөлүндү.

— Өткөн жылы сиздердин аймактагы “Барскоон-Бедел” унаа жолунун курулушуна старт берилди эле. Бул долбоор бүгүнкү күндө кандай уланып жатат?

— 2025-жылдын 27-августунда Ысык-Көл облусунда өлкөбүз үчүн тарыхый мааниге ээ болгон ири долбоордун башталышы белгиленди. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Барскоон-Бедел” унаа жолун өз каражаттарыбыздын эсебинен куруу долбоорун расмий баштап, бул жол курулушу Кыргызстандын жаңы тарыхына маанилүү бет ачар болуп кирерин белгиледи.

Бул долбоордун өзгөчөлүгү – ал толугу менен Кыргызстандын ички ресурстары жана мүмкүнчүлүктөрүнүн негизинде ишке ашырылып жатканы. Бул кадам өлкөнүн экономикалык көз карандысыздыгын чыңдоонун жана эл аралык беделин көтөрүүнүн айкын далили болууда.

Жолдун маршруту Барскоон, Сөөк ашуулары, Кара-Сай өрөөнү жана Ашуу-Суу ашуусу аркылуу өтөт. Долбоордун алкагында, узундугу 5,5 км болгон Сөөк ашуусунда туннель, Кара-Сай өрөөнүндө эстакадалык көпүрө, узундугу 3,8 км болгон Ашуу-Суу туннели курулат. Бул инженердик чечимдер жолдун жыл бою үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздайт.

Жаңы жолдун экономикалык артыкчылыктары Кытайдын Ак-Суу шаарынан Кыргызстанга болгон аралыкты 500 чакырымга чейин кыскартат. Бул жүк ташуучулар үчүн кеминде 12 саат убакытты үнөмдөйт. Эки тараптуу кыймылды эсептегенде айырма 1000 чакырымга жакын болуп, убакыт 24 саатка чейин кыскарышы күтүлүүдө. Мындай факторлор өлкөнүн логистикасында чоң артыкчылык түзүп, соода көлөмүн арттырууга жана транспорттук чыгымдарды азайтууга өбөлгө болот.

Бул жолдун курулушу Ысык-Көл өрөөнүнүн да социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор таасирин тийгизээри шексиз. Жаңы жолдун ачылышы менен туризм, соода жана өндүрүш тармактары үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылып, аймактын өнүгүү динамикасы күчөйт.

— Абай Советалиевич, белгилүү окумуштуу Махмуд Кашкаринин эстелиги түрк боордоштордун колдоосу менен ачылыптыр. Бул демилге тууралуу кеңири айтып берсеңиз?

— Улуу ойчул, түрк дүйнөсүнө белгилүү окумуштуу, “Түрк тилдеринин сөздүгүнүн” (“Диван лугат ат-түрк”) автору Махмуд Кашкари Барсканинин айкелин ачуу иш-чарасы 2025-жылдын 1-ноябрында, Күз майрамына туш келип, Барскоон айылында өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — улуу бабабыздын ысымын урматтоо, анын бай илимий жана руханий мурасын кийинки муундарга даңазалоо, түрк элдеринин биримдигин чыңдоо жана эл аралык достук мамилени бекемдөө болду.

— Айкелди тургузуу демилгеси кимдер тарабынан көтөрүлгөн?

— Айкел тургузуу демилгеси эл тарабынан, коомчулуктун өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик органдарынын колдоосу менен көтөрүлүп, аны ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттер көрүлдү. Бул маанилүү иш Түркия Республикасынын Багджылар муниципалитетинин колдоосу менен жүзөгө ашып, айкел атайын жасалып, салтанаттуу түрдө ачылды.

— Салтанатка кимдер катышты?

— Иш-чарага Түркия Республикасынан келген делегаттар, маданий жана илимий өкүлдөр, Ысык-Көл облустук, райондук жетекчилер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Салтанат учурунда Махмуд Кашкаринин илимий жана маданий мурастарына арналган баяндамалар жасалып, чыгармалары боюнча илимий конференция өткөрүлдү. Маданий программа да жогорку деңгээлде уюштурулуп, элдик оюн-зооктор, спорттук иш-чаралар, концерттик программа көрсөтүлдү. Мектеп окуучулары, маданият үйүнүн кызматкерлери жана айылдагы ар бир уруунун өкүлдөрү чыгармачыл номерлерин тартуулашты. Бул күн Барскоон айылы үчүн тарыхый мааниге ээ болду.

Бул салтанат Кыргызстан менен Түркия элинин ортосундагы достуктун, боордоштук мамиленин жана маданий байланыштын символу болду. Айкелди жасоого жана тартуулоого салым кошкон түрк боордошторубузга, ошондой эле иш-чарага катышкан облус, район, борбор калаа жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, жергиликтүү кеңешке, уюштуруучуларга жана айыл тургундарына терең ыраазычылык билдиребиз. Бул элдин тилегинин, боордош элдердин ынтымагынын жана руханий биримдигинин жаркын далили болду.

— Эл менен иштешүү, кайрылууларды угуу маселеси кандай жолго коюлган?

— Элдин кайрылууларын түз кабыл алуу, жыйындар, жолугушуулар аркылуу угуп келебиз. Ар бир көтөрүлгөн маселе мүмкүнчүлүккө жараша чечилип жатат. Биз үчүн эң маанилүүсү — элдин ишеними.

— Жыйынтыктап айтканда, 2025-жыл аймак үчүн кандай жыл болду деп баалайсыз?

— Алдыда дагы бир катар ири долбоорлор бар. Негизги максат – инфраструктураны жакшыртуу, социалдык объектилерди жаңылоо жана туризмди өнүктүрүү. Бул иштердин баары элдин турмуш-шартын жакшыртууга багытталган. Бул жылды аймак үчүн туруктуу өнүгүүгө карай жасалган олуттуу кадамдардын жылы деп айтсам болот. Ар бир каражат элдин муктаждыгына жараша, так багытта жумшалды. Негизгиси – эл менен тыгыз иштешип, көйгөйлөрдү биргеликте чечүү.

Кенже Осмоналиева

13-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 70
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X