Абанын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн түштүк аймагында сел жүрүшү мүмкүн
Өлкө аймагында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка караганда, 6-10-апрель күндөрү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын райондорунда температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыялардагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшү, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.