Абдиманап Масалиев Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Кечээ, 16-февралда VII чакырылыштагы Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин 3-протоколук жыйынында Аалымдар кеңешинин төрагасы Көчкөнбай Садиллаев ден соолугуна байланыштуу төрагалык кызматын тапшырып, ордуна Абдиманап Масалиев шайланды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Абдиманап Масалиевге Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү бирдиктүү түрдө добуш беришкен.

Вставка изображения в HTML код страницы
Альтернативный текст
error: Content is protected !!