Адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалды

27-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 102

Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелип 25 жана 40 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда облустук милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, 20-январда милицияга 36 жаштагы жаран «Тез жардам» унаасы менен ооруканага жетпей каза болгондугу маалымдалган. Факт каттоого алынган. Текшерүүдө маркум шектүүлөр менен тааныш болгону, алардын ортосунда пикир келишпестиктен уруш чыкканы аныкталган. 19-январда саат 22:00 чамасында маркум алар менен жолугушуу үчүн чыгып кеткенден кийин үйүнө мас абалында жана дене жаракаттары менен кайтып келген.

Дайындалган соттук-медициналык экспертиза баш сөөк-мээнин ачык жаракаты, сол жак маңдай сөөгүнүн сыныгы, баш сөөгүнүн ичине кан куюлуу, баш мээнин оор даражадагы урунушу деген жыйынтык чыгарган. Мындан улам факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди жана учурда тергөө иштери уланууда.

27-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 102
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X