Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелери талкууланды
КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Терхи Хакала айым менен жолугушуу болду.
Тараптар адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелерин талкууга алышты. Акыйкатчы Токон Мамытов КР Омбудсмен Институтунун ишмердигинин негизги багыттарына токтолду. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Борбор Азия Омбудсмен Институттарынын өз ара кызматташтыгы, качкындар маселелери жана Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
Эске салсак, Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, Элчи Терхи Хакала айым Кыргызстанга кечээ, 9-сентябрда келген. Ал ушул жылдын 1-июлунда кызматка киришүүсүнөн кийинки республикабызга алгачкы иш сапары болду.