АДАМ ЖҮРӨГҮНӨ ЖОЛ САЛГАН ЖАЗУУЧУ
Адам – тагдыр, тагдыр – адам…
Хайриддин Султанов азыркы өзбек адабиятынын көрүнүктүү өкүлү, бүткүл жан-дүйнөсү менен адабиятка, өзбек руханиятына берилген инсандардын бири.
Мен Хайриддин ака менен көп жолу жолуктум, көп ирет сукбатташтым, баарлаштым. Ар дайым жолукканымда анын өзгөчө ички дүйнөсүн ачкандай болом. Өзбек улуттук маданиятын, адабиятын ушунчалык жүрөгүнүн терең руханий өзөгүнө айландырып алган, аны жазуучунун ар бир сөзүнөн, ички маданиятынан, ошол улуу маданияттын алтындай болгон мурасын кең көкүрөгүнө батырып жүргөн инсандык турпатынан айкын сеземин. Совет доорунун татаалдыктары, эгемендүүлүк жылдарынын толкундануулары, аны бүткүл аң-сезимине, тулку боюна сиңирген бул адамда өзгөчө бир касиет бар. Ал өз тагдырында, өмүр жолунда, жазуучулук өмүр-таржымалында көптөгөн улуу чыгармачыл инсандар менен байланышта болуп, алардан өзүнө өткөн накта, чыныгы адамдык баалуулуктарды асырап-абайлап алып жүргөнү дайыма сезилип турат.
Өзбек адабияты кылымдар бою улуу руханий көчтүн кербени сыяктуу уланып келет. Дүйнөлүк адабий берметтер казынасынан ылайыктуу орун алган улуттук адабияттын классикалык өкүлдөрү Алишер Навои, Бабур, Огахи, Мукими, Фуркат болсо, өткөн кылымдын жыйырманчы жылдарында Хамза Хакимзада Ниязи, Садириддин Айни, өзбек романистикасынын негиздөөчүсү Абдулла Кадири, Фитрат, Чолпон сыяктуу залкарлар алардын жолун улап келишти. Ушул маданий процесстер Айбек, Гафур Гулам, Абдулла Каххар, Хамид Алимжан, андан соң Абдулла Арипов, Эркин Вахидов өңдүү акын-жазуучулардын чыгармачылыгында үзгүлтүксүз түрдө чагылдырылды.
Азыркы күндө бул олуттуу руханий парзды өзбек адабиятынын ондогон залкарларынын катарында Хайриддин Султан да орундатып келүүдө. Анткени, адабият муундан муунга, мезгилден мезгилге жаңыланып, анын катарын жаңы ысымдар, жаңы таланттар толуктап келет.
“Жазуучу өз өмүрүнүн санжырачысы” деген сөз бар. Бу мааниден алганда Хайриддин Султандын прозасы, эң мурда, ал жашаган доордун көркөм хроникасы болуп саналат. Бул өтө оор, катаал жылдардын, жоготуу жана табуунун, өмүр жана армандын миң түрдүү көрүнүштөгү кубулмалуу, өзгөрүлмөлүү дүйнөсү. Хайриддин Султан – дал ушул реалисттик дүйнөнүн жашыруун жактарын, сырларын, терең катмарларын, анын турмуштук философиясын ар тараптуу көрө билген жазуучу. Жазуучу катары ал ошол доордун күбөсү болду, ошол доордун көркөм автопортретин жаратты.
Тагдыр – жазуучу чыгармачылыгынын негизги философиялык лейтмотиви. Өзбек эли, карапайым адамдардын турмушу, жашоо көрүнүшү терең психологиялык, ошону менен бирге, нукура улуттук мүнөзү, характери жазуучунун ар сөзү, деми жана интонациясында айкын сезилип турат. Бул каармандар күндөлүк жашоодо кээде көзгө ташталып, кээде ташталбай жашап жаткан адамдар, алардын түмөн-түркүн тагдыры көркөм-эстетикалык жактан жогорку деңгээлде чагылдырылган.
Жазуучунун “Сен канчалык таттуусуң, эй ачуу жашоо” аттуу аңгемелер жыйнагында жүздөгөн кайталангыс адам портреттерин жолуктурабыз. Бул чыгармаларда жөнөкөй адамдар, карапайым кыштак жана маала жашоосу аркылуу жүрөктөн сыбызгып чыккан миң кырдуу полифониялуу жашоосунун өзүнө таандык ритми, ыргагы, мелодиясы бар.
Хайриддин Султан тээ Абдулла Кадириден тартып Гафур Гулам, Адыл Якубов, Абдулла Арипов, Эркин Вахидовго чейинки болгон өзбек дүйнөтаанымын, эстетикасын, көркөм дүйнөсүн андан ары тереңдеткен, ошону менен бир катарда оригиналдуу образдар галлереясын жараткан болуп, өзгөчө бир нукта, өзгөчө бир темпераментте, чыныгы ушул жазуучуга тиешелүү стилде, жана көркөм үндө жашап келүүдө. Хайриддин Султан ушул карапайым дүйнөнү бекем сүйгөндөй эле, ошол карапайымдыктан өзбек маданиятын, иденттүүлүгүн, көп кырдуу характерлер дүйнөсү аркылуу ачып берет.
Анын “Күн баарына бирдей тийет” аттуу алгачкы жыйнагынан орун алган аңгемелеринен эле автордук дүйнө тааным, көз караш, гуманитар позициясы адамга болгон чексиз махабаттын символу деңгээлине көтөрүлгөн эле. Себеби, жазуучу Х.Султандын көркөм дүйнөсүндөгү эң башкы миссиясы да – бул адам жүрөгүндөгү адамгерчиликтин маанисин ачып көрсөтүү, ыйман тазалыгына үндөө жана турмуштун баалуулугун таасирдүү чагылдыруу. Адам – тагдыр, тагдыр – Адам концепти жазуучунун көркөм сөз алдындагы ыйык жана жоопкерчиликтүү миссиясы катары кабыл алынат…
Мен анын дээрлик бардык чыгармаларын окудум (Ош облусунда, өзбек достор арасында өсүп чоңойгонум жана өзбек тилин билгеним мага бул жагдайда өтө жардам берди) жана бул эң мыкты жазуучу азыркы өзбек адабиятынын ири үлгүлөрүн жаратып жаткан, доорубуздун күжүрмөн эмгекчил жазуучуларынын бири экенине чын жүрөктөн ынандым.
Жазуучу жана доор
Хайриддин Султановдун адабий мектеби тарыхтын, тагдырдын өзгөчө барагын жараткан татаал бир доордо калыптанды. Коммунисттик идеология жашоодо өкүм сүргөнүнө карабай, ошол кезде да өз добушун, позициясын гана эмес, эң мурда, жазуучулук кадырын таза берметтей сактап калган, жалпы курулай кошоматчылык процессинен айырмаланып турган жазуучулар болгон. Ушул көз караштан алып караганда, совет доорунун атактуу жазуучулары Чыңгыз Айтматов, Адыл Якубов, Пиримкул Кадыров, Василий Шукшин, Валентин Распутин, Мухтар Ауэзов, Абиш Кекилбаев, Нодар Думбадзе, Ион Друце, Анатолий Ким, Чингиз Абдуллаев, Анар Рзаевге улагалаш келген муундун жаркын өкүлдөрүнүн бири Хайриддин Султан экенин айтуу зарыл. Ал азыркы доор өзбек адабиятынын жаркын өкүлү катары жогоруда аты аталган залкар жазуучулардын чыгармачылык жолун улантуу менен бирге, тотолитардык заманда да өз көркөм позициясын ачык-айкын көрсөтө алган калем ээси катары таанылган.
Аны Өзбекстанда гана эмес, Борбордук Азия чөлкөмү көркөм ойдун залкарларынын бири катары таанууга болот. Азыркы өзбек адабиятынын бийиктиги да ал өңдүү көрүнүктүү сөз өнөрлөрүнүн чыгармачыл потенциалы менен өлчөнөт десек жаңылышпайбыз.
Хайриддин Султановдун адабий галереясында окурманды ырахаттандырган жана толкунданткан, терең ойго талдырган, философиялык ой жүгүртүүгө чакырган бир топ эң сонун чыгармалары бар. Жеке мен жазуучу досумдун «Алачыктагы Төрт Эркек», «Дүйнөнүн Сыры», «Сен Канчалык Таттуусуң, Эй Ачуу Жашоо!», «Бир Кеч», «Эй Жамшид!», «Рана Гүлүнүн Суусу», «Бакыт Жээги», «Токчулук жана Жокчулук», «Кошумча Курулуш», «Үч Жүз Алтымыш Төрт Күн», «Чекит», «Насип», «Атабекти Жерге Берүү», «Велижан Ооруп Калган», «Эки Жолу Баатыр», «Алгачкы Миллион», «Улутчулдун Жазасы», «Сатылуучу Үй», «Бейрут Эстелиги» жана жакында жарыяланган «Ишеним телефону» жана «Асман мейкиндигинде» китебине кирген ондогон аңгеме жана повесттери, «Бабурнааме» жана «Ялдо кечеси» өңдүү зор романдары албетте атайын талкууну талап кылат.
Агартуучу коом жана чыныгы адабияттын көрүнүктүү өкүлдөрү, шексиз улуттун руханий лидерлери саналат, алар өз чыгармалары аркылуу адамды жана жашоону өзгөртүүгө таасирин тийгизе алат.
Хайриддин Султанды “руханий лидер” деп атаганыбызда, аны саясий харизма же массалык популярдуулук менен эмес, балким, эң оболу коомдук аң-сезимге таасири күчтүү, жогорку интеллигент инсан, кайталангыс жазуучу, улуттун күзгүсү катарында түшүнүү туура болот. Ал өзүнүн көркөм амплуасында тарыхты идеология эмес, маданий эс-тутум катары баалайт. “Бабурнааме” агартуучулук романында улуу өкүмдар жана акын, кайталангыс аалым Бабур Мырзанын дүйнөнү багындыруучулугу, аскердик жортуулдары эмес, эң мурда анын инсандык турпаты, руханий дүйнөсүн кенен чагылдырат.
Хайриддин Султандын чыгармаларында өзбек тарыхы жана маданияты терең философиялык мазмун берет. Айрыкча, улуу ойчул, акын жана мамлекеттик ишмер Захириддин Мухаммад Бабурдун образын жаратууда жазуучунун концептуалдык, системалуу дүйнөтаанымы айкын көрүнөт. Чыгармачыл Бабурду триумфатор, каарман же идеологиялык символ катары эмес, балким, тагдыр, тарых жана күрөштүн оор сыноолорун башынан өткөргөн, руханий жоопкерчилик, руханий милдет жана кооз адеп-ахлак менен жашаган адам катары сүрөттөйт. Бул ыкма аркылуу чыныгы тарых өтө ашыкча түрдө мифологияга айлантпастан, тескерисинче, адамдык трагедия жана ыйман тандоосу аркылуу реалдуу түрдө кабыл алынат.
Жазуучунун чыгармаларынын гуманисттик концепти дал ушул жайда көрүнөт, ал адамзатты идеализациялабайт, адамды аңдоого, түшүнүүгө, анын ички дүйнөсүнүн добушун тыңдоого чакырат. Хайриддин Султандын кыялындагы гуманизм жасалма эмес, табигый жана интеллектуалдык мүнөзгө ээ. Ал бийлик, атак-даңк, жеңиш өңдүү түшүнүктөрдү да адамдын ички драмасы, милдети, жоопкерчилиги, руханий сыноолору аркылуу ачып берет. Ушул жагынан алып караганда, жазуучунун чыгармалары чыгышка мүнөздүү терең, сабыр-чыдамдуу гуманизмдин үлгүсү катары эсептелет. Себеби, Хайриддин Султан, эң оболу, Чыгыш адабиятынын гуманисттик идеалдары менен тарбияланган чыгармачыл инсан болуп саналат. Жазуучу өзүнүн эң маанилүү башкы кредосун тарых, дүйнө кубулуштарын адамгерчилик көз карашынан талдоодо деп билет.
Х.Султандын негизги көркөм мотиви — Чыгыш тарыхын адамдын ички дүйнөсү аркылуу көрсөтүү. Анын Бабур жөнүндөгү чыгармаларында бийлик — трагедия, жеңиш — жалгыздык, атак-даңк — жоопкерчилик катары берилет. Аталган формуланын тамыры, башаты, жазуучунун адамды сүйүү, адамгерчиликти кадырлоо өңдүү позициясынан калыптанган. Натыйжада, жазуучу тандаган бул ыкма, улуттук тарыхты мифке айлантпайт. Тескерисинче, ага руханий тереңдикти берет. Анткени, Султан тарыхты улут үчүн эмес, адам үчүн жазат.
Хайриддин Султан көп жылдар бою жоопкерчиликтүү мамлекеттик кызматтарда иштеп келе жатса да, өзүнүн жазуучулук позициясын, бекем жашоодогу принциптерин, эстетикалык ишенимин жоготпогон, тескерисинче, калеми колунан түшпөгөн сейрек кездешүүчү интеллигенттердин бири экендигине көңүл бурууга ылайыктуу саналат. Бул жагынан алганда, ал Борбордук Азиянын «ойчул көркөм элитасына» таандык.
Руханий дүйнөнүн даңазалуу инсандарынын катарында болуу, албетте, чоң сыймык, ошол эле учурда өтө зор жоопкерчилик да болуп саналат. Мындай инсан элди бириктирүүгө, жакшылыкка баштоого кудуреттүү болуусу керек. Ал терең жана кенен саясий-коомдук ой жүгүртүүнүн ээси катары таанылышы жана бааланышы зарыл.
Ушул көз караш менен алып караганда, Хайриддин Султан — Өзбекстандын маданий жана маалымат саясатынын калыптанышына түздөн-түз жана натыйжалуу катышып келе жаткан мамлекеттик жана коомдук ишмер, ошону менен бирге көркөм ой жүгүртүүнү расмий риторикадан жогору коё алган интеллигент инсан катары айырмаланып турат. Анын коомдук жана чыгармачылык ишмердиги Борбордук Азия деп аталган чексиз аймагыбыздын руханий өнүгүүсүн, көркөм баалуулуктарын, тарыхый эс-тутумун жана гуманисттик баалуулуктарын изилдөөдө жана өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ.
Сөз даанышманы
Элдин руханий дүйнөсүн сөз аркылуу ачып берген, адамдын көкүрөк дүйнөсүн азыктандырып, асылдандырган өнөр — бул адабият. Адабият адамдын коомдогу турмуштук абалына, даражасына же макамына карабай, улуусунан кичүүсүнө чейин баарына бирдей кадырлуу жана урматтуу деп баалаган ыйык байлык. Бу байлык сөздөн, акылдан, даанышмандыктан куралган. Ушул өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу адабият — бул жандүйнө ааламы. Адабият ар дайым «нурлуу жол жана ал адам жүрөгүнө алып баруучу жол». Бул жолдо өз жерин сүйгөн, эл-журтуна өмүрүн арнаган, чыгармаларында улуттук тилин, үрп-адаттарын, руханий өзөгүн, Мекенин даңазалаган, ага болгон чыныгы перзенттик махабатын бийик пафосто ырдаган жазуучу гана эл ишенимине жана мээримине ээ болот.
Сөзүмдүн соңунда замандашыбыз, кадырлуу досубуз Хайриддин Султан дал ошондой чыгармачыл инсан экенин дагы бир ирет баса белгилегим келет.
Султан РАЕВ, Кыргыз эл жазуучусу,
Токтогул атындагы мамлекеттик
сыйлыктын лауреаты Анкара/Түркия