Адамдарды азгырып жүрүшкөн
Бишкекте «Хизб ут-Тахрир» уюмунун ячейкасынын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектелип 34 жаштагы А.Н. жана 35 жаштагы К.К. кармалган.
Тергөөдө алар Бишкектин мечиттерине экстремисттик матераилдарды таратып, экстремисттик идеологияны жайылтып, уюмга жаңы адамдарды азгырып жүргөнү белгилүү болду.