Адамдардын органдарын бай чет өлкөлүктөргө саткандар аныкталды

Болгарияда украиналык жарандардын органдарын бай чет өлкөлүктөргө саткан кылмышкерлердин схемасы аныкталды . Бул тууралуу «Страна.ua» басылмасы жазды.

Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы Стойчо Кацаровдун айтымында, Болгариянын Лозенец деп аталган курорттук шаарчасындагы мурдагы мамлекеттик ооруканада, 2 жылдын аралыгында тирүү донорлордун бөйрөктөрүн трансплантациялоо боюнча  ченемсиз операциялар жасалган.  

Бардык учурларда донорлор болуп Украинанын жана Молдовиянын жаш жарандары болгон, органдарды Израиль, Оман жана Япониянын жарандарына сатышкан. Ал эми операцияны мыйзамдаштыруу үчүн, клиникада алар туугандары катары катталышкан.

Адамдарды сатуу жана “кара” трансплантология боюнча иликтөө жүргүзгөн адис Вадим Резниченконун айтымында, бул тармакта көп улуттар аралык кылмыштуу топ бар. Алардын арасында жогорку квалификациялуу дарыгерлер да бар.

«Ушундай “кара” трансплантологдордун клиникалары Турция, Кытай жана Египетте бар», —дейт ал.

Органдарды алуучулар бир бөйрөккө 50 миң доллардан жогору төлөшкөнү менен, донорлордун колуна 15 миң доллар берилип турган.

“Иликтөөлөрдүн жыйынтыгы азыр толук чыга элек, себеби ооруканадагы бейтаптар жасалма документтерди колдонгон деген божомолдор бар. Кылмыштуу топ толугу менен аныкталса, алар кандай схема менен иш жүргүзгөндөрү толук ачыкталат”,- дейт Вадим Резниченко.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X