Адамдын эмоцияларын чагылдырган көргөзмө ачылды

21-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 75

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусствосу музейинде заманбап сүрөтчү Ильгиз Эдилсондун «Адам эмоцияларынын анатомиясы» аттуу жеке көргөзмөсү ачылды.

Ильгиз Эдилсон Бишкек шаарында иш алып барган сүрөтчү болуп, он жылдан ашуун убакыттан бери адамдын эмоцияларын, жүрүм-турум өзгөчөлүктөрүн жана эмоционалдык абалын искусство аркылуу изилдеп келет. Анын чыгармалары психология, нейроилим жана абстракттуу искусство багыттарында жасалган.

Көргөзмөдө сүрөттөр жана айкелдер коюлуп, алар аркылуу адамдын ички сезимдери, коркуу, ишеним, чыңалуу сыяктуу абалдар чагылдырылган.

Көргөзмө 1-февралга чейин уланат.

21-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 75
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X