Адамга ыраазы болбогон, Кудайга ыраазы болбойт
Белгилүү коомдук, саясий ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, өлкөбүздөгү каржы, банк тармагынын белгилүү ардагери Муратбек Мукашевдин калемине таандык “Ыраазымын” аталышындагы жыйнак жарык көрдү.
Ыймандай сыр түрүндө жазылган бул китепте автор 2014-жылы жарык көргөн “Жан сырлар, сан ойлор” аталышындагы китебиндегидей эле турмуштук баштан өткөн кызыктуу окуя, тагдыр сыноолору, өзү жакшылык-таалимин эч качан унутпас өзгөчө адамдар – аруу дил мугалимдери, айкөл, кең пейил айылдаштары, аскерде бирге кызмат өтөгөндөр жана инсандык беделин эл билген улуу устаттары жөнүндө, аларга карата ысык жүрөк, адамдык ак дилден чыккан терең ыраазычылык сезимде кызыктуу сөз кылган.
Калем ээсинин: “Мына эми, аксакал жашка келгенде, баскан жол окуяларын талдап-таразалап: Өмүрдө өзүмө багыт көрсөтүп, максат-оюма нур түшүрүп, устаттык жакшылык жасаган адамдарга ыраазычылык, жаркын элестерине эстелик катары ыймандай сыр кылып ак дилден аңгеме айтууга чыгынып отурам. Ал каармандар: Мектеп, институтта окуткан мугалимдерим, жөнөкөй жашаган кадырлуу айылдаштарым, аскер кызматында таалимчи болгондор, эгемендүү өлкөбүздүн даңктуу-белгилүү мамлекеттик ишмерлери. Ойдогу ниет, баштаган жумуш канчалык орундалганын өзүңүздөр баалап, адил сынга коюңуздар кымбаттуу окурмандар!”- деген саптарын өзгөчө баса белгилеп, көрсөтүүгө арзыйт.
“Пендеге рахмат дей албаган адам, Алла Таалага эч качан ыраазымын дей албайт”. Ыйык Ислам дининдеги дал ушундай баалуулукту жашоосунда эш туткан, пенделерге ыраазы болуу, алардын эмгегин же жакшылыгын баалай билүү — адамгерчиликтин жана ыймандын анык белгиси экенин жадыбалдай жат туткан залкар инсандын мындай эмгеги бери дегенде устатка болгон улуу урмат, арылатканда улуу муундарга урпактык урмат көрсөтүүнүн анык далили эмей эмне?! Кай өңүтүнөн алып караганда дагы баалуу болгон, маалыматтарга бай мындай жыйнакты баарыңарды алып окууга чакырам.
Калыгул Бейшекеев