Саламаттык сактоо министрлигинде үч жетекчи кызматтан бошотулду

25-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 247

Саламаттык сактоо министрлиги дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алууга өтүнмөлөрдү туура эмес түзүп, белгиленген мөөнөттө тапшырбаган саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине тартиптик чараларды көрдү. Анын негизинде үч жетекчи кызматынан бошотулуп, дагы 70 кызмат адамына эскертүү жана сөгүш берилет.

Министрликтин маалыматына караганда, бул маселе 24-ноябрда өткөн коллегиянын жыйынында каралган.

Текшерүүдө саламаттык сактоо уюмдары 2027-жылга карата дары-дармек каражаттарына жана медициналык буюмдарга болгон муктаждыгын аныктоодо бир катар каталарга жол бергени белгилүү болгон. Ошондой эле айрым мекемелер өтүнмөлөрдү кеч тапшырган.

Мындан улам зарыл болгон дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алуу, жеткирүү мөөнөттөрү бир нече жолу жылдырылган. Министрлик мындай кемчиликтер бейтаптарды керектүү препараттар менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга тоскоолдук жаратарын билдирди.

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов өтүнмөлөрдү туура эмес түзүү дары-дармектерди ашыкча сатып алууга, мамлекеттик каражаттардын натыйжасыз пайдаланылышына же айрым препараттардын жетишсиздигине алып келиши мүмкүн экенин белгилеген.

Коллегиянын чечими менен:

  • 38 жетекчиге жана кызмат адамына эскертүү берилет;
  • 29 жетекчиге сөгүш берилет;
  • 3 жетекчиге катуу сөгүш берилет;
  • 3 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулат.

Мындан тышкары, мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын айрым кызмат адамдарына карата жоопкерчилик чараларын кароо үчүн Министрлер Кабинетине сунуштамалар жөнөтүлөт.

Министр Дамир Осмонов кийинки сатып алуу мезгилине карата дары-дармектерге болгон муктаждыкты алдын ала аныктап, өтүнмөлөрдү так жана белгиленген мөөнөттө тапшырууну тапшырган.

Ал мындай мыйзам бузуулар кайталанса, кызматтан бошотууга чейин катаал чаралар көрүлөрүн эскерткен.

25-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 247
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X