«Коопсуз өлкө» камералары миллион долларлык каракчылыкты ачууга жардам берди
Бишкекте чет өлкөлүк жарандын дээрлик 1 млн долларын карактап кеткен кылмышка шектүүлөр кармалды. Кылмышты ачууга «Коопсуз өлкө» долбоорунун видеокөзөмөл камералары жардам берген. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, каракчылык 17-ноябрда саат 16:00 чамасында Бишкектеги имараттардын биринде болгон. Төрт белгисиз адам жабырлануучуну тапанчага окшош буюм менен коркутуп, күч колдонуу аркылуу кара түстөгү сумкасын жана уюлдук телефондорун тартып алышкан.
Сумканын ичинде 988 миң 500 доллар, 200 миң сом, уюлдук телефондор жана чет өлкөлүк паспорт болгон. Акча унааларды сатып алуу үчүн алынып келинип, логистикалык компанияга жеткирилиши керек эле.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө видеокөзөмөл камералары аркылуу шектүүлөр пайдаланган унаалар аныкталып, алардын өз ара байланыштары жана окуядан кийинки кыймыл-аракеттери такталган. Натыйжада Бишкектен үч шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Мындан тышкары, коңшу өлкөнүн аймагына чыгып кеткен дагы жети шектүү кармалганы маалымдалды.
Тергөө учурунда Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы үйлөрдүн биринен сумканын ичиндеги 300 миң доллар, коңшу өлкөдө кармалган шектүүнүн унаасынан 100 миң доллар жана Чүй районундагы айылдардын биринде контейнердин астынан 410 миң доллар табылган.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.