Бишкек шаарында мамлекеттик административдик имараттардын жаңы комплекси курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон документте айтылган.
Маалыматка ылайык, курулуштун негизги подрядчысы президенттин иш башкармалыгына караштуу «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы болду.
Административдик имараттар мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу жана министрликтер менен ведомстволордун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында курулары белгиленген.