Адылбек Касымалиев БАЭге барат

2-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 70

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министри, Дубай эмиратынын башкаруучусу шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактумдун чакыруусу менен БАЭге барат. Төрага Бүткүл дүйнөлүк өкмөттүк саммитке (World Governments Summit) катышат.

Иш сапардын алкагында Адылбек Касымалиев БАЭнин жогорку жетекчилиги жана бир катар министрликтердин жана суверендүү фонддордун жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө эмират тарап менен эки тараптуу документтерге кол коюу жана саммиттин алкагында БАЭнин жогорку кызмат адамдарынын катышуусунда «Кыргызстандын экономикалык өсүү модели «Ак илбирс»: Өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар» аттуу сайд-ивент өткөрүү пландаштырылууда.

2-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 70
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X