Адылбек Касымалиев: «Кошумча кирешени өнүгүүгө багыттоо — негизги максат»

19-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 66

Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев УТРК, «ЭлТР» жана «Мир» телерадиокомпанияларына берген маегинде консолидацияланган бюджет 2027-жылы триллионго чыкса деген максат коюлгандыгын, буга басым жасалып, иштер туура аткарылгандыктан, 2025-жылы эле 1,1 триллион сомдон ашканын белгиледи.

Төрага республикалык бюджетке токтолуп, анын киреше бөлүгү алгач 430 млрд сом деп белгиленип, бирок 605,5 млрд сомго чыкканын, ресурстарды кошкондо 939 млрд сомго жакындаганын маалымдады. Ошондой эле пайыздык көрсөткүч менен алганда каражаттар кайсыл тармактарга жумшалып жаткандыгын айтып өттү.

“Мурда бюджет социалдык багыттагы бюджет болчу. Тагыраагы, бюджеттин жарымына жакыны социалдык секторго кетчү. Ал эми бүгүнкү күндө биздин бюджетибиз – өнүктүрүү багытындагы бюджет. Себеби, 36%га жакыны реалдуу секторду өнүктүрүүгө, 23%га жакыны социалдык секторго, 20%дан ашыгы акы төлөөгө, 6%дан ашыгы капиталдык чыгашаларга кетип жатат.

Кошумча табылган каражаттардын чоң бөлүгү капиталдаштырууга багытталды. Алсак, 50 млрддан ашык акча каражаты капиталдык салымдарга жумшалды. Бул жерде көбүнчө инфрастуктуралык долбоорлор, социалдык долбоорлор, анын ичинде мектептер, ооруканалар салынып жатат. Кошумча түшкөн акча каражатын жөн гана коротуп койбой, кийин алар өзүнүн үзүрүн бере тургандай кылып өнүгүүгө багыттоо – биздин негизги максатыбыз”, – деди Адылбек Касымалиев.

19-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 66
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X