Адылбек Касымалиев кыргыз дипломатиясынын акыркы алты жылдагы жетишкендиктерин белгиледи
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Куттуктоонун тексти:
“Урматтуу дипломатиялык кызматкерлер жана ардагерлер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Акыркы алты жылда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы өнүгүүнүн маанилүү баскычын басып өтүп, эл аралык кызматташтыктын географиясын кеңейтти, чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык катышуусун чыңдады жана өлкөбүздүн аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди чечүүдөгү ролун арттырды.
Бул мезгилдеги маанилүү жетишкендиктердин катарына Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуусу жана ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитин Бишкек шаарында өткөрүү кирет. Ошону менен бирге Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы өзгөчө мааниге ээ. Бул эл аралык коомчулуктун өлкөбүзгө болгон ишенимин көрсөтүп, Кыргызстанга эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин чечүүгө катышуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Экономикалык дипломатия жигердүү өнүгүп, инвестицияларды тартууга, тышкы сооданы кеңейтүүгө, ата мекендик товарларды илгерилетүүгө жана туризмди өнүктүрүүгө багытталып, эл аралык каржы институттары менен кызматташтык чыңдалып, энергетика, транспорт жана жашыл экономика тармактарында биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда.
Өлкөбүздү эл аралык деңгээлде таанытууда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшү өзгөчө орунду ээледи. Бул иш-чара маданий байланыштарды чыңдоого, кыргыз элинин тарыхый мурасын кеңири жайылтууга жана Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн ачып көрсөтүүгө багытталды.
Дипломатия ишине зарыл материалдык-техникалык базаны чыңдоого жигердүү аракеттер болуп жатат. 2026-жылдын март айында чет өлкөлөрдө иштеген кызматкерлердин эмгек акысы жогорулады. Консулдук ишмердүүлүк өркүндөтүлүп, санариптик технологиялар киргизилип, «Электрондук консул» системасы өнүктүрүлүүдө.
Урматтуу дипломатиялык кызматкерлер жана ардагерлер!
Кыргыз дипломатиясынын ар бир ийгилигинин артында сиздердин кесипкөйлүк, жоопкерчиликжана Мекенге болгон берилгендик турат. Мындан ары да Кыргыз Республикасын эл аралык аренада татыктуу өкүлчүлүк кылып, улуттук кызыкчылыктарын ырааттуу коргоп, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошо бересиздер деп ишенем.
Дипломатиялык кызматтын бардык кызматкерлерине жана ардагерлерине ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана тандап алган кесибине берилгендиги үчүн терең ыраазычылык билдирем.
Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, түгөнгүс күч-кубат жана жооптуу ишиңиздерге жаңы ийгиликтерди каалайм!
Урматтуу дипломатиялык кызматкерлер, кесиптик марамыңыздар кут болсун!”.