"Эркин-Тоо"

Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин Төрагасы болуп дайындалды

Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Касымалиев Адылбек Алешович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси болуп дайындалды.

Жогорку Кеңеш 18-декабрдагы отурумунда Министрлер кабинетиндеги жетекчилердин талапкерлигин карап, макулдугун берди. Ага ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, төраганын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, экономика жана коммерция министри кызматына Бакыт Сыдыков шайланды.

Пример HTML-страницы