“Аэрофлот”, “Авиа Траффик Урал” авиакомпаниялары кийинки жумадан баштап ишин улантат
Россиянын “Аэрофлот” компаниясы Кыргызстандагы каттамдарын келерки аптадан баштап жандантат. Бул тууралуу 10-мартта Жогорку Кеңеште Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев билдирди.
Маалыматка ылайык, “Авиа Траффик Урал” жана “Аэрофлот” авиакомпаниялары кийинки жумадан баштап учууга макулдугун беришкен. Акыбалды ордуна келтирүү жана башка чечимдер боюнча да тапшырмалар берилди. Бул боюнча өкмөттө иш жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, “Аэрофлот” 8-марттан баштап эл аралык каттамдарынын баарын убактылуу токтоткон.