Аэропорт түрк учагы тууралуу маалымат таратты

2-июнь, 2021-ж. / Редакция / Коом 34

Интернетте 1-июнда Түркиядан Кыргызстанга атайын борт учуп келгени боюнча жазып чыгышкан. Интернет-колдонуучулар «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны уурдап, өлкөдөн чыгарып кетүү үчүн келген жокпу деген божомолдорун жазышкан.»Манас» эл аралык аэропорту» ишканасынын маалымат кызматы социалдык тармактарда талкууланып жаткан учак боюнча билдирүү таратып, самолет Түркиядан эки ай мурда эле учуп келгенин кабарлады. «Аталган самолет кечээ Түркиядан келди деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул борт 1-апрелде учуп келип, ошол бойдон Кыргызстандан чыккан эмес. Бүгүн абага көтөрүлүп окуу-машыгуу үчүн колдонулду, тагыраак айтканда, экипаж экзамен тапшырды», — деди .»Манас» эл аралык аэропорту ишканасы.

2-июнь, 2021-ж. / Редакция / Коом 34
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X