Айдоочуларга эскертүү: Нарында үч багыттагы жол жабылды
Нарын облусунда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу үч жол тилкесинде унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.
Тактап айтканда, төмөнкү жолдор жабылды:
- Казарман – Жалал-Абад жолунун 0–52-чакырым аралыгы, Тогуз-Торо районундагы Сары-Кыр ашуусу;
- Нарын – Орук-Там жолунун Эки Нарын айылынан (50-чакырым) Капчыгай бөлүгүнө (75-чакырым) чейинки тилкеси;
- Ат-Башы – Кында – Торугарт жолунун 0–225-чакырым аралыгы, Ат-Башы районундагы Кында ашуусу.
Жолдор аба ырайынын жана жол шарттарынын начарлашынан улам коопсуз жүрүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан жабылды.
Аталган жол тилкелерин аба ырайына жана жолдун абалына жараша жаз айларында ачуу пландалууда.
Айдоочуларга убактылуу жабылган жолдорго чыкпоо жана коопсуздук талаптарын сактоо эскертилет.