Өлкө менен кошо өзгөргөн «Эркин-Тоо» гезитине 35 жыл

6-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 685
Бүгүн, 6-ноябрда Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Алмасбек Абытов “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 35 жылдык маарекесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Алмасбек Абытов Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин атынан басылманын жалпы жамаатын мааракеси менен куттуктап, парламент жетекчисинин куттуктоо сөзүн жеткирди.
Куттуктоодо “Эркин-Тоо” гезити эгемендүү Кыргызстандын тарыхы менен тагдырлаш, мамлекеттүүлүктүн калыптанышына жана өнүгүшүнө күбө болгон маанилүү маалымат булагы экени белгиленди.
“Өткөн 35 жыл ичинде бул басылма мамлекетибиздин өнүгүү жолун, элибиздин жетишкендиктерин жана тарыхый өзгөрүүлөрдү камтыган өзгөчө жылнаамага айланды. Айрыкча өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан реформаларды, мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын жана коомдук турмуштагы олуттуу жаңылыктарды коомчулукка жеткирүүдө маанилүү орунду ээлеп келет”, – деп айтылат Төраганын куттуктоосунда.
Мындан тышкары, Алмасбек Абытов басылманын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө эмгек сиңирген журналисттерге ыраазычылык билдирип, бүгүнкү чыгармачыл жамааттын кесипкөйлүгүнө да жогору баасын берди.
Салтанаттуу иш-чаранын алкагында гезиттин өнүгүшүнө салым кошкон кызматкерлерге Жогорку Кеңештин сыйлыктары тапшырылды.
6-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 685
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X