Жазгүл Карбосова: Биз сүйгөн «Эркин-Тоо» кылымдарды карытсын!
Чыгармачылыктын чыйыр жолунда кут даарыган “Эркин-Тоо” гезитинин башкы редактору болуу мен үчүн чоң жоопкерчилик жана зор милдет. “Эркин-Тоо” гезити 35 жылдан бери маалымат айдыңындагы далай оош-кыйышты, кыйынчылык менен ийгиликти, оор учурлар менен бирге жыргалды башынан өткөрдү. Расмий гезитке жарыяланган мыйзамдын бир жеринен эле үтүр же чекит катасы кетсе, бул – кечирилгис жоопкерчилик. Анткени, эли-жерибиздин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынып, “Эркин-Тоо” гезитине жарыялангандан кийин күчүнө кирген мыйзамдарды, токтомдорду, буйруктарды жана башка маанилүү расмий маалыматтарды катасыз, так жана туура чагылдыруу биздин башкы милдетибиз. Расмий гезиттин иши сыртынан караганда жөнөкөй көрүнгөнү менен анын түйшүгү да, жоопкерчилиги да өтө оор.
“Жандоочу кийик аттырат” демекчи, талыкпаган эмгеги менен айырмаланган ынтымактуу жамаатыбыздын, иш билги орун басарлардын жана бөлүм башчыларыбыздын аракети менен мойнубуздагы милдетти биргеликте жеңилдетип келебиз. Ошондой эле 35 жылдан бери “Эркин-Тоонун” чамгарагын көтөрүп, кызыкчылыгын коргоп, аброюн арттырууга жан үрөгөн ар бир башкы редакторлордун эмгегин өзгөчө баалоого татыктуу. Бул жылдар аралыгында гезитибиздин иши алдыга жылып, өсүп-өнүгүп, улам жаңы баскычтарга кол жеткирип көтөрүлүп келди.
Эгемендүү мамлекетибиз менен жашташ “Эркин-Тоо” гезитинин бүгүнкү абалы абдан жакшы. 2025-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А.Касымалиевдин №355 токтомуна ылайык, редакциябыздын атайын Жобосу бекитилип, мекемебиз “Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезити мекемеси” деген аталыш менен кайрадан каттоодон өттү. Гезиттин уюштуруучусу жана ээси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети. Мамлекеттик колдоонун дагы бир жаркын мисалы 2025-жылдын октябрь айында Президентибиз Садыр Нургожоевичтин колдоосу менен “Эркин-Тоо” гезитинин эмгек жамааты
кызматтык унаага ээ болгонбуз.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган маалымат жаатындагы мамлекеттик социалдык заказдын алкагында “Эркин-Тоо” гезити “Үй-бүлө” институту долбоору менен катышып, жеңүүчү аталып, 1 000 000 (бир миллион) сом өлчөмүндөгү каражатка ээ болду. Мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан мындай колдоолор бизге дем-күч берип, алдыга жаңы максаттарды коюуга шыктандырат. Ал эми биздин башкы милдетибиз – артылган ишенимди актап, ак ниет, так жана жоопкерчиликтүү эмгектенүү.
Санариптештирүү доорунун талабына ылайык, гезитибиздин электрондук сайтын ишке киргизип, социалдык тармактардагы баракчаларыбыздын ишмердүүлүгүн да жандандырдык. Акыркы эки жылдын ичинде бул багытта бир топ ийгиликтерге жетиштик. Учурда YouTube каналыбыздын катталуучуларынын саны 40 500гө, Instagram баракчабыздагы катталуучулардын саны 40 400гө жетти. Ал эми Facebook баракчабыздын окурмандарынын саны 10 миңден ашты. Бул көрсөткүчтөр окурмандарыбыздын ишениминин жана маалыматка болгон кызыгуусунун айкын далили деп эсептейбиз.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, “Эркин-Тоо” гезитинин бардык окурмандарын, ардагерлерин жана бүгүнкү эмгек жамаатын гезитибиздин 35 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм. Ар бириңиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин окурмандары көбөйүп, нускасы күндөн-күнгө өсүп, аброю арта берсин!
Биз сүйгөн “Эркин-Тоо” кылымдарды карытсын!
Урматым менен,
Кыргыз Республикасынын
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин
башкы редактору Жазгүл Карбосова