Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: «Эркин-Тоо» ишенимдүү укуктук маалымат каражаты болуп келатат

Урматтуу «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин чыгармачыл жамааты, ардактуу калемгерлер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан өлкөбүздүн башкы расмий басылмасы – «Эркин-Тоо» гезитинин түзүлгөндүгүнүн 35 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм!

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында негизделип, тагыраагы 1991-жылы 3-июлда алгачкы саны жарык көргөн күндөн бери «ЭркинТоо» гезити мамлекетибиздин эң маанилүү тарыхый учурларын, укуктук реформаларын жана коомдук-саясий турмушун үзгүлтүксүз чагылдырып келет. Бүгүнкү күндө бул басылма жөн гана маалымат булагы эмес, өлкөдө кабыл алынган мыйзамдарды, Президенттин жарлыктарын жана Өкмөттүн токтомдорун коомчулукка расмий жеткирүүчү эң ишенимдүү, башкы укуктук маалымат каражаты болуп келе жатат.

Гезиттин 35 жылдык тарыхында анын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө зор салым кошкон жетекчиликтин, редакция жамаатынын эмгеги баа жеткис. Сиздер тарыхый маанилүү учурларда улуттук кызыкчылыкты бийик тутуп, сөз эркиндигинин, калыстыктын жана кесипкөйлүктүн үлгүсүн көрсөтүп келесиздер.

Азыркы санариптешүү жана маалыматтык технологиялар өнүккөн заманда, атаандаштык күч алган шартта, «Эркин-Тоо» гезити өзүнүн салттуу ордун жоготпой, заман талабына ылайык жаңыланып, өлкөбүздүн бүгүнкү өнүгүү жолун, коомдук-саясий жана социалдык турмушундагы маанилүү окуяларды чагылдыруу менен келечек муундар үчүн доордун тарыхый изин сактап калууда. Ошону менен бирге окурмандардын калың катмарынын ишенимине ээ болууну улантып келет.

Урматтуу редакция жамааты!

Учурдагы ары татаал, ары жооптуу ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм. Калемиңиздер курч, маалыматтарыңыздар так, ар бир саныңыздар өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган жаңылыктарга бай болсун!

Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык дем-күч жана бакубат турмуш каалайм!

Мааракеңиздер кут болсун!

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X