Эгемендүүлүк менен кошо жаралган «Эркин-Тоо» 35 жашта
Бүгүн, 6-ноябрда Бишкек шаарындагы Улуттук тарых музейинде 7-ноябрь – Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнүнө жана “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 35 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси Алмасбек Абытов, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, журналисттер, басма сөз тармагынын ардагерлери жана маданият ишмерлери катышты.
Салтанаттын алкагында конокторго “Эркин-Тоо” гезитинин 35 жылдык тарыхын чагылдырган архивдик көргөзмө уюштурулуп, басылманын түптөлүшү, өнүгүү жолу жана заманбап санариптик медиа катары калыптанышы тууралуу даректүү видеоролик көрсөтүлдү.
Иш-чаранын расмий ачылышында министр Мирбек Мамбеталиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктап, журналистиканын коомдогу ордуна жана маалымат мейкиндигин өнүктүрүүдөгү маанисине токтолду.
Министр өз сөзүндө журналистика коомдук пикирди калыптандырууда, мамлекет менен коомдун ортосундагы ачык диалогду камсыз кылууда жана жарандарга так, ишенимдүү маалымат жеткирүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Ошондой эле ал “Эркин-Тоо” гезити Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхы менен тыгыз байланышкан, улуттук басма сөздүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон басылмалардын бири экенин баса белгиледи.
“35 жыл аралыгында “Эркин-Тоо” гезити өлкөбүздүн коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана маданий турмушундагы маанилүү окуяларды чагылдырып, мамлекеттик маалымат саясатын коомчулукка жеткирүүдө өзүнүн ордун калыптандырды. Бул тарыхый жолдо гезиттин өнүгүшүнө салым кошкон ардагер журналисттердин, редакторлордун жана бүгүнкү эмгек жамаатынын эмгеги өзгөчө урматтоого татыктуу”, – деп белгиледи министр.
Салтанаттуу иш-чарада мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана ардактуу коноктор куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, “Эркин-Тоо” гезитинин өлкөнүн маалымат мейкиндигин калыптандыруудагы тарыхый ордун жана коом алдындагы маанилүү миссиясын белгилешти.
Майрамдык программанын алкагында музыкалык куттуктоолор тартууланып, ошондой эле сыйлыктарды тапшыруу аземи уюштурулду.
Маалымат үчүн:“Эркин-Тоо” гезитинин биринчи саны 1991-жылдын 3-июлунда Жогорку Кеңештин гезити катары жарык көргөн. Гезиттин алгачкы башкы редактору Мелис Айдаркулов басылманын биринчи редакциялык жамаатын түзүүнүн жана гезиттин ишмердүүлүгүн жолго коюунун башатында турган.
1991-жылдын 4-июлунда гезиттин орус тилиндеги варианты – “Свободные горы” басыла баштаган. 27-августта Жогорку Советтин Президиумунун “О газетах «Эркин-Тоо» и «Свободные горы»” аталышындагы №559-XII токтому менен 1992-жылдын 1-январынан тартып гезиттерди жумасына беш жолу чыгаруу тапшырылган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 1-февралындагы №34 жарлыгында “Эркин-Тоо” гезитинин уюштуруучусунда каражаттын жетишсиздигинен улам басылманын иши токтоп калганы белгиленип, анын негизинде “Эркин-Тоо” – “Свободные горы” коомдук-саясий мезгилдүү басылмасын түзүү бекитилген. Уюштуруучунун функциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жүктөлгөн. 1996-жылдын 8-апрелинде Президенттин жарлыгы менен гезит кайра уюштурулган.
1996-жылдын 12-августунда басылма кайрадан өз алдынча “Эркин-Тоо” жана “Наша газета” (кийин “Свободные горы” деп аталган) гезиттерине бөлүнгөн.
2025-жылдын 20-июнунда “Эркин-Тоо” гезитинин редакциясы” мекемеси “Кыргыз Республикасынын «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезити” мекемеси деп кайра аталган.