Айгүл Жапарова Самарканддагы балдарды реабилитациялоо борборунун ачылышына катышты
Кыргызстандын Биринчи айымы Айгүл Жапарова Өзбекстандын Самарканд шаарында реабилитациялык борбору бар «IMKON» көп тармактуу адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмунун ачылышына катышты.
Иш-чара Өзбекстан, Ливан, Пакистан, Түркия, Зимбабвенин биринчи айымдары жана башка жогорку даражалуу коноктордун катышуусунда өттү. Ачылыш аземи «Балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салуу: келечек муундардын туруктуу жана адилеттүү өнүгүүсүнө карай жол» аттуу Дүйнөлүк саммиттин жана Балдар онкологиясы боюнча II эл аралык конгресстин алкагында уюштурулду.

«IMKON» борборунда мектепке чейинки билим берүү, коррекциялык-педагогикалык жардам, реабилитация жана психологиялык колдоо бириктирилген. Мекемеде 2 жаштан 7 жашка чейинки балдар билим жана тарбия алышса, 2 жаштан 18 жашка чейинки балдар амбулатордук негизде реабилитациялык курстардан өтүшөт.
Конокторго дарылоочу дене тарбиясы, акватерапия, майда моториканы өнүктүрүү, сенсордук интеграция, музыкалык жана жомок терапиясы сыяктуу ыкмалар көрсөтүлдү.
Учурда Өзбекстанда мындай беш мекеме иштейт. Алардын ишмердүүлүгү мамлекеттик бюджеттен каржыланып, балдардын өнүгүүсүнө, өз алдынчалыгын калыптандырууга жана коомго аралашуусуна багытталган.
Борборду кыдырган биринчи айымдар балдар үчүн түзүлгөн шарттарга жогору баа беришип, демилгенин ийгиликтүү уланышын каалашты. Иш-чаранын соңунда балдар конокторго өз колдору менен жасаган эстелик белектерин тартуулашты.