Аймактарда көтөрүлгөн 16 миң маселенин 9,5 миңи чечилди

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 88

Кыргызстандын аймактарында тургундар менен жолугушууларда көтөрүлгөн 16 миң 29 маселенин 9 миң 552си чечилди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев республикалык кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн эл менен жолугушуулары 278 калктуу конушта, 230 айыл аймагында жана 34 шаарда өткөрүлгөн.

Көтөрүлгөн маселелердин 11 миң 703ү жергиликтүү бийлик органдарынын карамагына кирген. Анын ичинен 9 миң 552си чечилген. Ал эми 2 миң 121 маселе министрликтерге жана ведомстволорго, дагы 1 миң 449у укук коргоо жана сот органдарына жөнөтүлгөн.

Ошондой эле 2026-жылдын тогуз айындагы мониторинг айрым жергиликтүү бийлик органдарынын ишинде кемчиликтер бар экенин көрсөткөн. Атап айтканда, айрым райондордо иш пландары так түзүлбөй, белгиленген иштер аткарылбай калган. Документтерди өз убагында аткаруу талаптары да бузулган.

Мындан тышкары, бир катар айыл өкмөттөрүндө кадр жетишсиздиги жана кызматкерлерди дайындоодо мыйзам бузуулар аныкталган.

Мисалы, Күрпүлдөк айыл өкмөтүндө жетекчинин орду 2025-жылдын май айынан бери бош турат. Ал эми Өзгөн районундагы 14 кызмат орду алты айдан ашык убакыттан бери толтурула элек.

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 88
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X