Айчүрөк Иманалиева: «Аркы дүйнөнүн жыргалын көр дегенден башка айлам жок»
Эл артисти Айчүрөк Иманалиева уулу Арген тууралуу жеке баракчасына билдирүү жазды:
«Өлүм жаш, карыны карабайт экен. Шум ажалга жаш, көргөндөн көрө элеги көп, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек уулумду колдон жулдуруп отуруп калдым. Аргеним, эстесем жүрөгүм сыздайт. Эне үчүн мындан өткөн арман болбос! Кагылайыным, жаткан жериң жайлуу болсун. Бейиштик кылсын Жараткан сени. Ак сүтүмдөн кечтим! Өмүр бою жүрөгүмдө, элесиң көз алдымда болоор… Кара жерди кучактап жатып калганыңда ишенип-ишенбей, сүрөттөрүңдү карап, азыр эшик ачып кирип келчүдөй болосуң. Бала канча жашка чыкса да эне үчүн өмүр бою бала. Балапаным колдон кетти. Бул жашоонун жыргалын толук көрбөй кетти. Аркы дүйнөнүн жыргалын көр деп тиленгенден башка айлам жок эми балам», — делет анда.