Айчүрөк Иманалиеванын уулу каза болду

21-июнь, 2022-ж. / Редакция / Коом 59

Бүгүн, 21-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айчүрөк Иманалиеванын уулу Арген Иманалиев каза болду. Бул маалыматты КРдин Эмгек сиңирген артисти Турусбек Жумалиев тастыктады.

”Мен өзүм бүгүн уктум. Ооруканада элем, эмнеден улам каза болгонун билбейм”,-дейт Жумалиев

Маалым болгондой, Арген 21-июнга караган түнү үйүндө каза болгон. Ырчы айымдын күйөөсү Таалай Ороскулов жумушу менен Москвада жүргөндүктөн, Бишкекке келе жатканы айтылды.
Маркумдун сөөгү бүгүн саат 16:00дө жерге берилмекчи.

Эске сала кетсек, Арген Айчүрөк Иманалиеванын тун уулу, 1987-жылы туулган.

Эркин Тоо сайтынын эмгек жамааты ырчыга жана анын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

21-июнь, 2022-ж. / Редакция / Коом 59
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X