Кыргызстанда кан донорлору аз. Бул тууралуу Республикалык кан борборунун башкы директорунун орун басары Айганыш Сатыбалдиева билдирди.
Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу боюнча 1000 кишини кан менен камсыз кылуу үчүн 40 донор болушу керек. Бирок, Кыргызстанда 1000 кишиге 6-7 гана донор туура келет. Ошондуктан өлкөдө канга муктаж адамдарды толук камсыздоо мүмкүн эмес.
Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча 2021-жылы 45 миң 500 донор кан берген, анын ичинен Республикалык кан борбору тарабынан 25 миң 200 донордон кан алынган.