Айпери Медет кызы жеңишке жетти
Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Түркияда өтүп жаткан күрөш боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan эл аралык рейтингдик мелдеште жеңишке жетип, алтын медаль тагынды.
Кыргызстандык балбан кыз 76 кг салмакта турнирдин 1/8 финалынан баштап күчүн сынады. Финалдык беттеште австриялык Мартина Кюнц менен күрөшүп, аны 6:4 эсебинде жеңди.
Белгилей кетсек, аталган турнирде Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта күмүш байгенин ээси болду.
Түркиядагы грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан 17 балбан аттанган.