Айрым аймактарда кар жаашы мүмкүн

3-февраль, 2026-ж. / Редакция / Аба ырайы 135

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 4-февралга караган түнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарында кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3 °C, күндүз +9…+14 °Cге чейин жетет. Баткен облусунда күндүз +8…+13 °C, Ысык-Көл облусунда күндүз +10…+15 °C болот.

Талас облусунда түнкүсүн -19…-24 °C чейин суук болуп, күндүз -7…+12 °C болсо, Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6 °C, күндүз +3…+8 °C болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2 °C, күндүз +11…+13 °C болот.

3-февраль, 2026-ж. / Редакция / Аба ырайы 135
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X