Айсулуу, Айпери, Мээрим. Спортчу кыздар мекенине кайтып келишти -ФОТО

25-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 42

 Бүгүн, 25-апрелде, “Манас” эл аралык аэропортунда спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатына катышкан кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданы тосуп алуу аземи өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызын Дене тарбия жана спорт Департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Нурланбек Исмаилов, КРнын күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти Дамирбек Асылбек уулу, спортчулардын ата-энелери, туугандары жана достору тосуп алышты.

Анда Айпери Медет кызы алтын медаль, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова күмүш байгенин ээси болушту.

Эскерте кетсек, 19-24-апрель күндөрү Азия чемпионаты Монголиянын Улан-Батор шаарында өттү. Ага спортчулар улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев, башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышышты.

25-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 42
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X