Айсулуу АМАНОВА, Экономика жана коммерция министрлигинин стратегиялык өнүгүү башкармалыгынын начальниги: “АКЫРКЫ 3 ЖЫЛДА ЭКОНОМИКАБЫЗДА ОЛУТТУУ ӨСҮШ БОЛДУ”

10-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 100

Жарандардын жашоо шартын жакшыртуу, дүйнөлүк чакырыктарга, атаандаштыкка туруштук берүү максатында 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук программасы кабыл алынган.  Программанын негизги максаттары – ИДПнын көлөмүн белгиленген убакытка чейин 30 млрд АКШ долларынан кем эмес деңгээлге көтөрүү жана калктын жан башына 4500 АКШ долларына чейин жеткирүү болууда. Мындай көрсөткүчкө жетүү реалдуубу? Эгер реалдуу болсо, Министрлер Кабинети учурда өзүнүн алдына кандай пландарды коюуда? Бул суроолорго Экономика жана коммерция министрлигинин стратегиялык өнүгүү башкармалыгынын начальниги Айсулуу Аманова жооп берди.

— Айсулуу Ажакматовна, 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук программасы кабыл алынганы келечектен көптү үмүттөндүрүп турат.  Учурда пландалган көрсөткүчтөргө жетүү үчүн кандай реалдуу кадамдар жасалып жатат?

— Өлкөдө акыркы мезгилде көптөгөн ишканалар курулуп, ар кандай товарлар өндүрүлүп жатат. Мындан сырткары, кызмат көрсөтүүлөрдүн учурдагы баалары дагы жетиштүү деңгээлде. Эгер өндүрүш ишканалары азыркыдай ыргак менен курула бере турган болсо, өлкөдөгү өндүрүлгөн бардык товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыноктук наркы көздөгөн максатка жеткирет. Биздин максат – ИДПнын орточо жылдык реалдуу өсүш темпин 8 пайыз деңгээлинде камсыз кылуу. Бул көрсөткүчтүн аткарылышы реалдуу десек болот. Андан тышкары өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына киргизүү, адамдык өнүгүү индексинин рейтингин 10 позицияга жакшыртуу пландалууда. Албетте, өлкөнүн экономикасынын деңгээли жогоруласа, жарандардын билим жана жашоо деңгээли да көтөрүлөт.

Дагы бир маселе, жумушсуздукту 5%дан жогору көтөрүлүшүнө жол бербөө.  Эгер ири ишканаларды куруу долбоорлору ишке ашса, жумушсуздук мурункудай өспөй, тескерисинче 5%дан ашпайт деп белгиленүүдө. 2030-жылы ИДПга карата негизги капиталга инвестициялардын көлөмүн 20 пайыздан кем эмес кармоо зарыл.  Азыр өлкөдө орногон туруктуулук, экономикадагы жылыш инвестиция тартууга шарт ачууда. Ошондуктан негизги капиталга инвестиция тартууда ИДПнын жалпы көлөмүндө инвестициялардын үлүшү белгиленген пайыздан кем болбошу керек деп белгиленди.

Программада өнүгүүнүн төрт негизги вектору белгиленген – индустриялаштыруу, регионалдык хаб, айыл чарба жана туризм, жашыл энергетика. Биз бул багыттардын аткарылышын бир нече жылдан бери байкап келе жатабыз жана бул акыркы 3 жылда экономикабызга олуттуу өсүш берди.

— Өлкөдө зергерчиликти өнүктүрүүгө  артыкчылык берилүүдө. Бул тармакты жөнгө салуу мүмкүнбү? Негизи эле тармак кирешелүүбү?

— Зергердик өндүрүшү үчүн жабдууларды жана технологияларды, реактивдерди жана жарым фабрикаттарды импорттоодо, ошондой эле чет өлкөлүк көргөзмөлөргө жана жарманкелерге катышуу үчүн зергердик буюмдарды ташып чыгарууда бажы жыйымдарын жана салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди жана преференцияларды берүүнү карап жатабыз. Ал үчүн биринчи кезекте салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө мораторий белгилөө менен баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдардын мурда ташып киргизилген же өндүрүлгөн калдыктарын эки айдын ичинде легалдаштыруу көздөлүүдө.

Пробалык жыйымдын ставкаларын төмөндөтүү жөнүндө маселени кароо менен баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө тиешелүү пробаны ырастаган өзүнүн эн тамгасы менен пробалоо жана эн тамгасын басуу боюнча функцияларды ыктыярдуу негизде өткөрүп берүүнү пландадык. Зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөргө баалуу металлдарды түз келишимдин негизинде же товардык-чийки зат биржасы аркылуу 180 күнгө чейинки мөөнөткө төлөмдү кийинкиге жылдыруу менен кайра сатуу укугусуз чийки зат түрүндө сатуу жүзөгө ашат.  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ачык акционердик коомдору менен макулдашуу боюнча зергерчилик өнөр жайынын субъекттерине жеңилдетилген кредит берүү механизмин карап жатабыз. Баалуу металлдардан жасалган ата мекендик зергердик буюмдарды сатуу рынокторун кеңейтүү үчүн Евразия экономикалык бирлигинин алкагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууну аткаруунун алкагында эн тамгаларды өз ара таануу тууралуу маселени чечүүнү тездетишибиз зарыл. Зергерчиликти өнүктүрүү боюнча дагы көп иш-аракеттер бар. Биз тармакты калыпка салып алсак, албетте ал киреше алып келет.

— Туризмди өнүктүрүү боюнча пландар кандай? Конкреттүү жагдайларга токтолсоңуз.

— «Туризм» вектору боюнча максаттуу багыттар бар. Биз биринчи кезекте 2030-жылга карата Дүйнөлүк экономикалык форумдун аналитикалык тобу тарабынан аныкталуучу туризм жана саякат чөйрөсүндөгү атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси боюнча алдыңкы 50 өлкөнүн тизмесине кирүүбүз керек. Андан тышкары тоолордогу туризмдин коопсуздугу боюнча эл аралык рейтингде 70 жана андан жогору баллга жетүү пландалууда. Ал үчүн мейманканалык инфраструктураны өнүктүрүү, эс алуу зоналары, кафелер жана туристтик маалымат борборлору бар жолдордо рест-поинттердин санын көбөйтүү,  жол тармагын реабилитациялоо жана аэропортторду өнүктүрүү, кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатуу, туристтик маршруттарды жана зоналарды түзүү, квалификациялуу кадрларды даярдоо, эл аралык туризмди кеңейтүүгө жана ата мекендик авиаташуучуларды ИКАОнун «кара тизмесинен» чыгарууга, визалык режимди жана транспорттук логистиканы жөнөкөйлөтүү сыяктуу бир топ иштерди аткарабыз.

— Кайра иштетүү тармагы боюнча кандай иш-аракеттер көрүлөт?

— Ата мекендик продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн сүттү, этти жана мөмө-жемиш продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүү аркылуу тамак-аш өнөр жайын өнүктүрөбүз. Органикалык айыл чарбаны колдоо, анын ичинде сертификацияланган өндүрүштөрдү кеңейтүү зарыл. Экономикалык механизмдерди колдонуу менен импорттолуучу социалдык маанилүү азык-түлүк товарларын мисалы, ун, өсүмдүк майы, макарон азыктары жана башка азык-түлүк товарларын өндүрүүгө багытталган ишканалардын ишине дем берүү ишке ашат. Мындан тышкары өнөр жай кластерлери түзүлөт. Илим жана жогорку технологиялар өнүктүрүлөт.

— Айыл чарбасында өзгөрүүлөр болобу?

— Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн негизги келечектүү багыттары өндүрүштү модернизациялоо, чарба жүргүзүүнүн натыйжалуу методдорун киргизүү. Ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүүнү жана продукцияны кайра иштетүүнүн тереңдигин жогорулатууну камтыйт. Эгер ушул иштер ишке ашса, айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн физикалык көлөмү 30%га көбөйтүлөт. Кайра иштетүүнүн физикалык көлөмү 2 эсеге көбөйөт. Сууну жоготуу деңгээли 15%га чейин төмөндөйт. Асыл тукум базасын жакшыртуу жана өнүктүрүү, интенсивдүү борго байлап семиртүү технологияларын киргизүү, ошондой эле канаттууларды багуучулукту жана уяң жүндүү кой багуучулукту колдоого алынат. Органикалык айыл чарба өнүктүрүлөт.  Балык чарбасын жана аквакультураны өнүктүрүү, анын ичинде индустриялык балыкчылык, адистештирилген питомниктерди түзүү жана кайра иштетүү кубаттуулуктарын кеңейтүү каралган. Азык-түлүк чынжырчасынын бардык деңгээлдеринде жоготууларды жана калдыктарды кыскартуу боюнча чаралардын топтомун көрүү, анын ичинде кайра пайдаланылуучу продуктуларды түзүү үчүн тамак-аш калдыктарын кайра иштетүү жана утилдештирүү пландарыбыз бар.

— Аймактык хабды өнүктүрүү боюнча программа элге жана өлкөнүн экономикасына кандай негизги өзгөрүүлөрдү алып келүүнү көздөйт?

— Аймактык транспорттук-хабды өнүктүрүү Кыргызстандын ири региондук жана глобалдык экономикалык борборлорду байланыштырган соода жолдорундагы геостратегиялык мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт. Бул өлкөгө эл аралык транзиттик жүк ташуу багытында өз ордун акырындык менен чыңдоого мүмкүндүк берет.

Программада автомобиль жана темир жол тармактарын өнүктүрүүгө инвестиция тартуу, мультимодалдык транспортту кеңейтүү жана санариптик логистикалык чечимдерди киргизүү өзгөчө маанилүү экени белгиленет. Алдыдагы беш жылда темир жол аркылуу жүк ташуунун көлөмүн жылына 15 млн тоннага жеткирүү, ошондой эле кеминде 1 млн чарчы метрди түзгөн складдык-логистикалык инфраструктураны түзүү пландалууда.

Мындан тышкары, 2030-жылга чейин республикалык маанидеги жолдордун кеминде 50 пайызын оңдоп бүтүрүү каралган. Ошондой эле Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу жана стратегиялык мааниге ээ жол долбоорлорун, анын ичинде Түндүк–Түштүк автожолун этап-этабы менен ишке киргизүү пландалууда.

— Дагы кайсы тармактар Программаны өнүктүрүүгө салым кошот деп ойлойсуз?

— Программанын долбоорунда кроссектордук багыттарга да көңүл бурулган. Руханий-адеп-ахлактык өнүгүүнүн алкагында кыргыз жараны болгон Улуттук жана жарандык таандыктыкты калыптандырууга, маданий жана руханий баалуулуктарды чыңдоого, ошондой эле мамлекеттин светтик мүнөзүн коргоого негизги көңүл бурулат. Программа коомдук аң-сезим чөйрөсүндө укуктук жана терминологиялык базаны өнүктүрүүгө, маданиятты жана креативдүү индустрияны колдоого, дин тутуу эркиндигинин принциптерин бекемдөөгө жана улуттук биримдиктин негизи катары мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган. Бул чаралар коомду консолидациялоо жана туруктуу социалдык-маданий өнүгүү үчүн бекем пайдубал түзөт.

Адамдык потенциалды өнүктүрүү жана татыктуу эмгек шарттарын камсыз кылуу, жумуш орундарын түзүүнү, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну, Кесиптик билим берүү системасын модернизациялоону жана эмгек мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталды. Жаштардын жумушка орношуусун стимулдаштырууга, келечектеги көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, заманбап эмгек стандарттарын киргизүүгө жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга басым жасалат.

«Социалдык контракт» механизмдерин өркүндөтүү жана турмуштук оор кырдаалда калган жарандарды коштоо боюнча иштер жүргүзүлөт. Эч бир муктаж адам артта калбай турган системаны түзүүгө артыкчылык берилет.

Саламаттык сактоо системасы медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, инфраструктураны модернизациялоо, алдын алууну санариптештирүү жана күчөтүү багытында өнүгөт.

Жазгүл Кенжетаева

10-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 100
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X