Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты. Эми алтын үчүн япондук кыз менен күрөшөт

22-апрель, 2022-ж. / Редакция / Спорт 38
 Айсулуу Тыныбекова Монголияда болуп жаткан Азия чемпионатында финалга чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.
Эми балбан кыз алтын үчүн Нонока Озаки менен кармашат. Финалдык беттеш бүгүн 16:00дө старт алат.
Тыныбекова килемде 62 килограмм салмактагылар арасында кармашат. Ал чейрек финалда монголиялык Болдсайханы Хонгорзулгулду 7:3 упай эсебинде, жарым финалда өзбекстандык Набира Эсенбаеваны 6:0 упай менен жеңди.
Кечээ Азия чемпионатынан Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Мээрим Жуманазарова (68 кг) күмүш алышкан.
22-апрель, 2022-ж. / Редакция / Спорт 38
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X