"Эркин-Тоо"

Айыл чарба жаатында эмгектенгендерге 10 миллиард сом бөлүндү

«Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоору бекитилип, мамлекеттик банктарга агроөнөр жай комплексин насыялоого 10 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Тийиштүү чечимди Министрлер Кабинети агрардык секторго колдоо көрсөтүү, Президенттин агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу, жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз кылуу менен агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү максатында кабыл алган.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн Финансы министрлигине «Айыл банкка» – 5,5 миллиард, «РСК банкына» 4,5 миллиард сом бөлүү тапшырылды. Насыянын өлчөмү жылына алты пайызды түзүп, кайтаруу мөөнөтү үч жыл деп белгиленди.
Чечимге ылайык, фермердик чарбаларга, жеке ишкерлерге жана жеке жактарга төмөнкүдөй шартта насыя берилет:
300 миң сомго чейин, кайтаруу мөөнөтү 36 айга чейин күрөөсүз негизде, 500 миң сомго чейин, кайтаруу мөөнөтү 36 айга чейин күрөө менен.
Жылдык жүгүртүүсү бир миллион сомдон ашкан фермердик чарбаларга үч жылга чейин кайтаруу мөөнөтү менен беш миллион сомго дейре насыя берилет.
Ошондой эле, тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, үрөн өстүрүү, асыл тукум чарбалары жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн питомниктери, ошондой эле тамак-аш өнөр жайынын жаңы түзүлгөн ишканалары 150 миллион сомго чейин беш жылга чейин мөөнөткө күрөө коюп, насыя ала алышат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!