Ак-Ордодо 750 орундуу мектеп курулууда

3-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 48

Бишкек шаарында 20 жаңы мектептин курулушу башталат. Бул иштер Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө.

Маалыматка ылайык, жаңы мектептердин бири Ак-Ордо конушундагы Теңир-Тоо көчөсүндө курулууда. Долбоорго ылайык, билим берүү мекемеси 750 орунга эсептелип, үч кабаттуу болуп салынат. Учурда курулуш иштеринин алгачкы баскычы жүрүп жатат.

Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.

3-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 48
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X