Ак-Талаа жана Ат-Башы райондук прокуратураларынын жаңы имараттары ачылды

16-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 149

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору М. Бектурганов Нарын облусунун Ак-Талаа жана Ат-Башы райондук прокуратураларынын жаңы административдик имараттарын ачты.

Жаңы имараттар заманбап талаптарга ылайык курулуп, прокуратура кызматкерлеринин иштөөсү жана жарандарды кабыл алуусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлдү.Возможно, это изображение внутри помещения

Иш-чарада Башкы прокурор жаңы имараттардын пайдаланууга берилиши кызматкерлер үчүн ыңгайлуу иш шарттарын түзүү менен катар, прокуратуралардын ишин натыйжалуу уюштурууга жана жарандарды кабыл алуунун сапатын жогорулатууга шарт түзөрүн белгиледи.

Ошондой эле бул мүмкүнчүлүктөр жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишти күчөтүүгө өбөлгө болору айтылды.Нет описания фото.

Мындан тышкары, М. Бектурганов Ат-Башы райондук прокуратурасынын кызматкерлери үчүн курулган жаңы кызматтык үйдүн ачылышына катышты.

Кызматтык турак жайдын пайдаланууга берилиши прокуратура кызматкерлеринин жашоо шарттарын жакшыртууга жана аларды социалдык жактан колдоого багытталган.

16-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 149
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X