«Флагман Компани»: 175 миллион сомдук заманбап завод ишке кирет

11-сентябрь, 2026-ж. / erkinbek / Экономика 710

Эртең, 12-сентябрда Бишкек шаарында заманбап технологиялар менен жабдылган «Флагман Компани» металл конструкцияларын чыгаруучу заводу расмий түрдө ишке кирет. Ишкананын ачылышы өлкө боюнча жаңы өнөр жай объекттерин ишке берүү иш-чарасынын алкагында Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда онлайн форматта өтөт. Заводду курууга жана өндүрүштү жолго коюуга 175 миллион сом инвестиция жумшалып, анын кубаттуулугу жылына 6 миң тоннага чейин металл иштетүүгө жетет.

«Флагман Компани» — жөн гана металл иштетүүчү цех эмес, долбоорлоодон тартып даяр конструкцияларды чыгарууга жана объектти ишке киргизүүгө чейинки комплекстүү кызматтарды көрсөтүүгө багытталган заманбап өндүрүш ишканасы.

Заводдун өндүрүштүк жана административдик имараттарынын жалпы аянты 4 миң чарчы метрге жакын. Ишканада 35 жумуш орду түзүлүп, өндүрүш үчүн заманбап жабдуулар чет өлкөдөн алынып келинген.

Завод айына 300–500 тоннага, жылына 6 миң тоннага чейин металл иштетүүгө жөндөмдүү. Бул жерде жөнөкөй анкер, прогон, устун, тепкич жана дарбазалардан тартып, көпүрөлөргө, спорттук ареналарга, өндүрүштүк имараттарга жана башка ири курулуш объекттерине керектелүүчү татаал металл конструкциялары чыгарылат.

Ишкананын негизги артыкчылыктарынын бири — кардардын долбооруна жана талабына жараша ар кандай өлчөмдөгү жана татаалдыктагы конструкцияларды даярдоо мүмкүнчүлүгү. Заманбап лазердик жабдуу жука жана калың металлды компьютердик чийме боюнча жогорку тактыкта жана ылдамдыкта кесүүгө шарт түзөт. Өндүрүш процесстеринин бир бөлүгү автоматташтырылып, аткарылган иштер боюнча маалыматтар системада эсепке алынат.

«Флагман Компани» ишканасынын директору Умар Арзыматовдун айтымында, завод бир жылдын ичинде курулуп, толук кандуу өндүрүш жүргүзүү үчүн зарыл болгон заманбап база түзүлдү.

— Заводду бир жылда курдук, ага 175 миллион сом инвестиция жумшалды. Бул жерде жөнөкөй анкерден баштап, прогон, устун жана ири, татаал металл конструкцияларына чейин чыгара алабыз. Кардардын талабына жараша долбоорлоодон баштап, конструкцияларды даярдап, объектти толук ишке киргизүүгө чейинки кызматтарды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар, — дейт Умар Арзыматов.

Заманбап жабдуулар менен катар ишканада жергиликтүү адистердин тажрыйбасына да өзгөчө маани берилет. Алардын арасында буга чейин чет өлкөдө эмгектенип, бүгүн өз тажрыйбасын Кыргызстандагы өндүрүшкө жумшап жаткан адистер да бар.

Бүгүн «Флагман Компани» өлкөдөгү курулуш компаниялары, долбоорлоочу уюмдар, өнөр жай ишканалары жана ири объекттерди ишке ашырып жаткан өнөктөштөр менен кызматташууга даяр.

12-сентябрда расмий түрдө ишке кире турган завод кардарларын, өнөктөштөрүн жана досторун кызматташууга чакырат. Заманбап технология, жылына 6 миң тоннага чейинки өндүрүштүк кубаттуулук жана долбоордон даяр конструкцияга чейинки комплекстүү кызмат — «Флагман Компани» заводунун негизги мүмкүнчүлүгү.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X