Ош облусунда 9 өндүрүш объекти ишке кирди

12-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 298
Ош облусунда бүгүн, 12-сентябрда, Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда 9 өндүрүш багытындагы объект пайдаланууга берилди.

Жаңы ишканалар Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай жана Араван райондорунда ишке кирди.Возможно, это изображение текст

Алардын арасында «Восточные строительные материалы», «Син-Шень KG», «Чыгыш курулуш материалдары» жана «Араван Достук Курулуш» ЖЧКларынын кыш заводдору, «Келечек плюс жети» ЖЧКсынын «Кожо-Келен» кениндеги «Бел-Алма» жана «Торпу» участоктору бар.

Ошондой эле Өзгөн районунун Кароол айыл аймагында «Муслим-Таш» ЖЧКсынын ташты кайра иштетүүчү заводу, Чоң-Алай районунда муниципалдык логистикалык борбор жана Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагында «Кичик-Алай» чакан ГЭСи ишке киргизилди.Возможно, это изображение текст

Жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы менен аймактарда кошумча жумуш орундарын түзүү, жергиликтүү бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү, курулуш материалдарын жана электр энергиясын өндүрүүнү арттыруу күтүлүүдө.

Бул долбоорлор Ош облусунун өндүрүштүк потенциалын кеңейтип, анын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошот.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X