"Эркин-Тоо"

“Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү пунктуна жардам чатырлары тигилди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасына ылайык “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү пунктуна чогулган жүк ташуучу унаалар жайгашкан жерге жардам чатырлары тигилди.

Мында айдоочуларга медициналык, психологиялык жардамдарды жана ар кандай кеңештерди берүү үчүн бардык шарттар түзүлүп, ысык тамак уюштурулган.

Бул багытта Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү иш алып барууда.

Учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, тез бузулуучу жүктөрдү ташыган унаалардын өтүүсүнө шарттар түзүлүүдө.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!