Акциздик маркасы жок бир катар товарларды жүгүртүүгө тыюу салынат

5-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 32

Кыргызстанда 1-марттан тарта акциздик маркасы жок бир катар товарларды жүгүртүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн убактан тарта өлкө аймагында акциздик маркасы жок тамеки продукциясын, майлоочу майлар жана аларга кошундуларды сатууга, сактоого жана ташууга тыюу салынат. Эске салсак, акциздик маркасы жок продукцияны жүгүрткөндөр үчүн 65 миң сом айып салынып же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

5-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 32
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X