АКШ COVID-19дун кесепеттери үчүн Кытайдан компенсация талап кылууга ниеттенүүдө
14-июнда тиешелүү мыйзам долбоору республикачыл депутаттардын тобу тарабынан америкалык конгресстин кароосуна киргизилди деп маалымады “Газета.ру”. Демилгени автору Республика партиясынын конгрессвумэни Энн Вагнер (Миссури штаты) болуп саналат.
Эске салсак, буга чейин АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп коронавирус пандемиясы үчүн Кытайдан башка өлкөлөргө 10 млн триллион доллардан кем эмес репарация төлөп берүүнү талап кылган.