АКШда 60 миллион доза вакцина жок кылынат

14-июнь, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 34

Коронавируска каршы америкалык Johnson & Johnson компаниясынын Балтимордогу заводдо чыгарылган 60 миллион доза вакцинасы жок кылынат деп билдирди The New York Times басылмасы. АКШнын Тамак-аш азыктары жана медикаменттердин сапатын санитардык көзөмөлдөө боюнча башкармалык (FDA) вакциналардын бир нече партиясы колдонууга жараксыз болушу мүмкүн деп эсептейт. Андыктан, уюмдун буйругу менен Emergent BioSolutions компаниясы Johnson & Johnson үчүн вакциналарды чыгарууну токтотту. 60 миллион доза вакцинаны жоготуу Байдендин башка өлкөлөргө вакцина берүү планын бузду деп айтылат маалыматта.

14-июнь, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 34
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X